Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Баткен: Калыбына келтирүү иштери боюнча комиссия көчмө жыйын өткөрөт


16-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу жаңжалда талкаланган үйлөр. Баткен району, Достук айылы. Сентябрь, 2022-жыл.
16-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу жаңжалда талкаланган үйлөр. Баткен району, Достук айылы. Сентябрь, 2022-жыл.

Баткен жана Ош облустарынын кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган аймактарын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын көчмө жыйыны Баткенде өтөрүн өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн 24-февралда билдирди.

Жыйынга Баткенге иш сапары менен барган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышары маалымдалды.

“Жумуш сапары алкагында Акылбек Жапаров Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү болгон каргашалуу окуялар учурунда талкаланган турак жайлардын ордуна салынган үйлөрдүн сапаты менен таанышат. Эске салсак, жалпысынан 418 үй жарактан чыккан, анын ичинде Баткен районунда 317, Лейлек районунда 100 жана Баткен шаарында бир турак жай талкаланган”, деп билдирди өкмөттүн басы сөз кызматы.

2021-жылдын жазында жана 2022-жылдын күзүндө кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Баткен облусунун бир катар айылдары талкаланып, өрттөлгөн, ондогон адамдар каза болгон, миңдеген жергиликтүү тургун үй-жайын таштап качууга мажбур болгон. Былтыркы окуяда Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек арага жакын айылдарынан да миңдеген адам коопсуз жайга убактылуу эвакуацияланган.

Бийлик жаңы 420 үйдү эки-үч айда куруп берүүнү убада кылган.

Бирок Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги бул иштер февралдын аягына, жазга калганын билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG