Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:05

Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү долбоору кайра талкуулана баштады


Өзбекстандын депутаттары Конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоорун кайра талкуулай баштады. Ал парламенттин Төмөнкү палатасынын Коррупцияга каршы күрөш, укук маселелери жана Демократиялык институттар, бейөкмөт уюмдар комитеттеринин 24-февралдагы биргелешкен жыйынында каралды.

Документ 2022-жылдын ноябрында кайра карап чыгуу үчүн артка кайтарылган. Парламенттин билдирүүсүнө ылайык, акыркы үч айда комитеттер коомчулуктан жана эксперттерден сунуштарды чогултту.

Gazeta.uz басылмасы талкууларды чагылдырууга Өзбекстандын телеканалдары жана Улуттук маалымат агенттигинин өкүлдөрү гана чакырылганын жазды.

Былтыр 1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алуу сунушуна каршы чыгышкан. Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 киши каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун киши кармалган.

Кийин президент Шавкат Мирзиёев Конституциядагы Каракалпакстанга таандык беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан.

Мамлекет башчысы 20-декабрдагы элге кайрылуусунда Конституцияны өркүндөтүү боюнча иштер жүрүп жатканын, коомчулуктан 220 миңден ашуун сунуш түшкөнүн билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG