Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:21

Иманалиев билим берүүнү жетектейт: Жаңы министрден эмне күтөбүз?


Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

"Анын талапкерлиги макулдашуу үчүн парламентке сунушталат",-деп айтылат президенттин расмий сайтына жарыяланган маалыматта.

Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду.

Уланбек Мамбетакунов өткөн жылы октябрда билим берүү жана илим министри болуп дайындалган. Анын алдында 2022-жылы 28-сентябрда билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев пара алууга шек саналып кармалган.

Маалыматтарга караганда, Иманалиевге министрликти жетектөөнү өлкө бийлиги сунуштаган. Анын алдына билим берүү системасын реформалоо, учуру талабына ылайыкташтыруу, бул тармактагы коррупцияны жоюу тапшырмасы коюлган.

Каныбек Иманалиев ким?

Каныбек Иманалиев 54 жашта. Кесиби боюнча журналист. Улуттук университетти бүткөргөн. Эмгек жолун "Асаба" гезитинде баяндама болуп баштап, кийин ал кездеги президент Аскар Акаевдин маалымат катчылыгына өткөн. Бул кызматты үч жылдан ашык аркалаган соң мамлекеттик "Учкун" концернин жетектеген.

2000-жылы Жогорку Кеңештин Эл Өкүлдөр палатасына депутаттыкка шайланган. 2005-жылы Төмөнкү Ала-Арча бир мандаттуу округунан депутат болуп шайланып, ал кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине оппозициячыл маанайдагы саясатчылардын бири болгон.

2007-2010-жылга чейин Кыргыз-орус Славян университетинин проректору болуп эмгектенип, илимий иштер менен алектенген. 2010-жылы "Ар Намыс", 2015-жылы "Ата Мекен" партияларынын тизмеси менен депутат болгон. "Ата Мекендин" катарында жүргөн учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигине оппозиция катары бир катар иштерди сындап чыккан.

2020-жылдагы Октябрь окуясынан соң учурдагы президент Садыр Жапаровдун саясатынын бир катар багыттарын сындап, 2021-жылдагы президенттик шайлоого да катышкан эле.

Ал учурда Иманалиевдин Жапаровдун дарегине айткан сын-пикири азыркыга чейин интернетте талкуу болуп келет.

Бирок соңку эки жыл аралыгында Каныбек Иманалиев саясаттан окчундаган. Ал бул мезгилде чыгармачылык менен алектенип жатканын билдирген. Бирок сөз эркиндиги, оппозициячыл активисттердин кармалышы боюнча өз пикирин медиага айтып келген. Акыркы жолу Иманалиев Садыр Жапаровдун Кыргызстандын мурдагы президенттерин бир жерге чогултуу демилгесин колдогон.

Иманалиев жазуучу жана акын катары белгилүү. Саясий илимдердердин доктору.

“Билим берүү өзөктүү, татааал тармак"

25-февралда президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алды. Президент жаңы жетекчиге бир катар милдеттерди койду.

“Билим берүү тармагы - мамлекеттин келечегин аныктаган стратегиялык маанилүү жана өтө жооптуу тармак экенин жакшы билесиз. Суранычыңыз менен макул болуп, ишеним артып ушул кызматка коюп жатабыз. Ошондуктан, сиз ишенимди акташыңыз керек. Сүйлөгөн сөз менен кылган иш дал келерин далилдешиңиз керек”,-деди президент Жапаров.

Президент соңку эки жылда Билим берүү министрлигинин бюджети 29 млрд. сомдон 49 млрд. сомго чейин көтөрүлгөнүн эске салып, каражат бөлүү менен эле көйгөй чечилбей тургандыгын, комплекстүү иш-аракеттерди жасоо зарылдыгын айтты. Мугалимдердин кесиптик даярдыгына өзгөчө көңүл буруу, маалыматтык технологиялардын доорунда заманбап тенденциялардан калбай, заман талабына ылайык билим берүү басым жасоо керектигин белгиледи.

“Илим тармагы да артта калган, каралбай калган тармак болду. Аларды дагы катуу көзөмөлгө алып, тыгыз иш алып барышыңыз керек”.

Министрдин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев билим берүү тармагын өнүктүрүү пландарын айтты.

“Билим берүү өзөктүү, татааал тармак. Мен жоопкерчиликти түшүнөм. Сиз өткөндө билим берүү тармагы масштабдуу реформага муктаж деп айткансыз. Мен ошол боюнча концепцияны бир айдын ичинде бүтүрүп берем”, -деди.

Иманалиев беш багыттуу планын сунуштады. Анда менчик бала бакчаларды куруу, орто билим берүүдө ваучердик системаны киргизүү, кесиптик окуу жайларга каржылык, чарбалык эркиндик берип, өндүрүш менен чогуу иштешүү тууралуу планы бар экенин айтты.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев Иманалиев өкмөттөгү эң оор кызматка келди деп эсептейт. Эгерде министрликтин аппаратына моюн сунуп берсе, мурдагы министрлердей болуп жыйынтык көрсөтө албай калат деди ал.

“Биздин өлкөдөгү эң чоң көйгөй, артта калган тармак – билим берүү тармагы. Ондогон жылдар бою эч кандай реформа болбой, эл аралык ар кандай рейтингде артта калып келебиз. Балдардын да көбү бала бакчага барбай калды, мектептеги окуучулардын функционалдык сабаттуулугу өтө төмөн. Мисалы, он баладан жетөө окуганын айтып бере албайт. Мамлекеттик университеттерде болсо коррупция күч алган. Министрдин ушуларды жойгонго эрки жетип, тармакты жарандык коом менен кошо тартып, министрликтеги коррупцияны жоё алса, оң жыйынтык болот. Министрликтин аппаратына моюн сунуп берсе, мурдагы министрлердей болуп жыйынтык көрсөтө албай калат”.

Нурбаев министр жаңыча иштөө үчүн дүйнөдөгү билим берүү тармагы өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен таанышып, ошол системаны Кыргызстанга ылайыкташтыруунун үстүндө иштеши керек деген оюн кошумчалады.

Ошол эле учурда саясат талдоочу Адил Турдукулов Иманалиевдин кызматка келишинин саясий жагына токтолду.

“Каныбек Иманалиевдин азыркы бийликке карата намысына тийген сөздөрдү айтып, билим деңгээлин дагы сындаганы эсибизде. Бийликтин эки чарасы бар: сөзгө келбегенин камады, сөзгө келгенин соодалашып, кызмат берди. Эми Иманалиевдин дайындалганы жаман болду деп айтпайм. Себеби бул тармакты билген адис. Анын адистиги менен саясий ишмердүүлүгү кызматка барышына дал келди. Бардык факторлорду эске алып бийлик кызмат берди. Бул кыргыз саясатында нормалдуу болуп калды”.

Билим берүү - Кыргызстандагы көйгөйүү тармактардын бири. 2019-жылы Башкы прокуратура Кыргызстанда эң коррупциялашкан мамлекеттик органдардын катарында атаган.

Ошол эле маалда өлкөдөгү орто мектептерде билим берүүдөн тартып, имараттарына чейин маселе көп. Айталы, 2006-2009-жылдардагы Окуучуларды эл аралык баалоо программасынын (PISA), ошондой эле 2007-2009-2014 жана 2017-жылдардагы Билим берүүдөгү прогресстин улуттук баалоосунун (NAEP) жыйынтыктары көрсөткөндөй, Кыргызстанда окуучулардын 50 пайыздан көбүнүн окуу, математика жана табигый илимдер боюнча жетишүүсү базалык деңгээлге жете алган эмес.

Улуттук статистика комитетинин "Көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөсүнүн" жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандагы 7-14 жаштагы окуучулардын 42 пайызы окуган текстин түшүндүрүп бере албайт. Ал эми ушул эле курактагы окуучулардын 48% математикалык көндүмдөрү талапка жооп бербей турганы аныкталган.

Буга чейин министрлик быйылкы жаңы окуу жылынан тартып Кыргызстанда мугалимдер окуучуларды PISA стандарттарына ылайык окута баштарын билдирген эле.

Кыргызстанда "Билим берүү жөнүндө" мыйзам долбоору кабыл алынбай келет. Өткөн жылы жай айында бир нече уюмдар жана коомдук бирикмелер мыйзам долбооруна байланыштуу өлкө бийлигине кайрылуу жолдогон. Анда жарандык коом мүчөлөрү даярдаган сунуштардын 95% мыйзам долбооруна кошулбай калганын айтылган эле. Сунуштар бир катар тегерек столдор, вебинарлардын жана эксперттик талкуулардын өтүшү менен, башка мамлекеттердин мыйзамдары изилдөөдөн кийин даярдалганын билдиришкен.

"Көп тараптуу талкуунун жана талдоонун жыйынтыгы боюнча Мыйзам долбооруна сунуштар иштелип чыгып, алар 2022-жылдын 15-майында министрликке жарандык коомдун атынан Билим берүү мекемелеринин союзу тарабынан киргизилген. Июндун башында министрлик эч кандай жыйындарды өткөрбөстөн, талкуу жана түшүндүрмөсүз мыйзам долбоору менен союзга жооп жөнөткөн. Анда Мыйзам долбооруна берилген сунуштардын 95%ы жүйөлүү себепсиз эске алынбай калган. Белгиленген мөөнөткө (10-май) карабастан, министрлик экинчи отурумун өткөрө элек. Ошону менен бирге Мыйзамдын акыркы долбоору бекитиле элек",-деп айтылган президентке жолдонгон, жүзгө чукул уюм кол койгон кайрылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG