Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Министрди каматкан индиялык жарандын арызы


Пара алууга шек саналган билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев эки айга камакка алынды.

Министрге каршы индиялык жаран арыз жазган

Министр Алмазбек Бейшеналиевдин бөгөт чарасы 30-сентябрда кечке жуук Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына эки айга камоо чечими чыгарылды.

Министр сотко кирип, пара деп айтылып жаткан акча университет ачуу долбооруна салынган инвестиция экенин билдирди. Эч кандай күнөөсү жок экенин айтты.

“Ал акча пара эмес, университет ачабыз деген бизнес план бар болчу. Ошого инвестиция кылам деген. Ал кишини тааныйм. Акчаны пара катары бергем деп жатат”, - деди Бейшеналиев.

Министрди сот имаратынан алып чыгып бара жатканда Бейшеналиев социалдык тармактарда бул ишке тиешеси бар экени айтылып жаткан Фани Бхушан Поту аттуу жаранды тааный турганын айтканга үлгүрдү.

Ал эми анын жактоочусу Бакыт Осмоналиев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, арыз жазган адам Индиянын жараны экенин жана анын аты-жөнү Фани Поту экенин ырастады.

“Айыбы "пара талап кылуу” деп угузулду. Иш боюнча арыз жазган Индиянын жараны. Арыз менен таанышкан жокпуз. Бирок кылмышка тартуу токтомунда ал мен коргоп жаткан жаранга акча бергени жазылыптыр. Негизи акча башка тармакка берилмек. Билим берүү министрлигине тиешеси жок, жеке долбоор болчу”, - деди жактоочусу.

ИИМдин айыптоосу

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бейшеналиевдин кылмыш иши жөнүндө маалымат таратып, тергөөнүн алкагында чет өлкөлүк студенттерди Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга кабыл алууда билим берүү жана илим министри ири суммадагы 110 миң доллар пара катары алганы тастыкталды деп билдирди.

“Тергөөнүн жүрүшүндө пара катары алган 37 500 долларды
үйүнөн алып тергөө органдарына өткөрүп берди. Министрдин айтымында, калган сумманы иштетип жиберген. Аны таап, тергөө кызматына алып келүү милдеттенмесин алды”, - деп айтылат милициянын маалыматында.

ИИМ маалыматына ылайык, ири өлчөмдө пара талап кылып жатканы боюнча арыздын негизинде ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында министр Бейшеналиев кармалган.

“Иликтөө иштеринин жүрүшүндө чет өлкөлүк студенттерге атамекендик жогорку окуу жайларына кабыл алуу боюнча өкмөттүн токтому керек. Токтом чыгаруу жөн эле болбойт, маселени чечип берем деп 100 миң доллар алган. Бул окуя 2022-жылдын 28-август күнү болгону аныкталган. Андан кийин токтом толук кандуу болбой калыптыр деп кайра кайрылганда, аны тездетүү үчүн дагы 10 миң доллар керек деп сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында 2022-жылдын 28-сентябрь күнү пара алуу учурунда кармалган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ички иштер министрлиги тергөөнүн купуялуугуна байланыштуу азырынча калган маалыматтар айтылбай турганын кошумчалады.

Фани Бхушан Поту деген ким?

Бул иште аты аталган Фани Бхушан Поту аттуу Индиянын жараны менен азырынча байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Кыргызстандагы белгилүү кишилердин маалыматы жазылган who.ca-news.org сайтында Фани Бхушан Поту Эл аралык медициналык жогорку мектепте эл аралык байланыш боюнча проректор экени жазылган.

Индиялык бул жарандын аты Govori.TV телеканалынын 16-августта жарыялаган иликтөөсүндө да аталат.

“Чет өлкөлүк студенттерден ким жана кантип акча табат?” деп аталган иликтөөдө Govori.TVнын журналисттери ачык булактарга таянып, “Жогорку кызмат адамдары менен байланыштагы кишилер медициналык окуу жайлардагы чет өлкөлүк студенттерден акча жасаганы аныкталды” деп жазган. Иликтөөгө ылайык, Фани Бхушан Поту Индиядан Кыргызстанга студенттерди алып келгендердин бири болгон.

Мындан сырткары 28-июнда президент Садыр Жапаров Баткен шаарында Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын Окуу жана дарылоо комплексин куруу үчүн капсула салган иш-чарада Фани Бхушан Потуга окшош кишинин сүрөтү жарыяланган.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан иш-чарага байланыштуу маалыматта курула турган комплекстин жалпы суммасы 603, 5 млн. сом болору, аны Медициналык академия өз бюджетинен бөлөрү, ал эми комплекске караштуу жатакананы куруу үчүн сырткы инвесторлор 93 млн. сом бергени айтылат.

Жарандык активист Атай Бейшенбек министр кармалгандан кийин Фейсбуктагы баракчасында президент Садыр Жапаров менен Фани Бхушан Потунин түшкөн сүрөтү делген фотону жарыялады. Анда Жапаров менен түшкөн эки кишинин бири Фани Бхушан Потуга окшош экенин көрүүгө болот.

Президенттин аппараты бул сүрөттөр жөнүндө комментарий бере элек. Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчысы министрдин ишинен кабардар экенин, ар тараптуу иликтенерин билдирген.

41 жаштагы Алмазбек Бейшеналиев быйыл февралда билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.

2020-жылдын күзүндө да аталган министрликтин жетекчилигине дайындалып, алты ай башкарган. Кийин Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсесине туруктуу өкүл жана Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп сегиз айдай иштеген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG