Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Акылбек Жапаров: Эки жылда 45 тонна алтын, 8 тонна күмүш чогулттук


Акылбек Жапаров (солдон экинчи) Жогорку Кеңештин депутаттары менен Кумтөр алтын кенинде. Ысык-Көл облусу. Январь, 2023-жыл.
Акылбек Жапаров (солдон экинчи) Жогорку Кеңештин депутаттары менен Кумтөр алтын кенинде. Ысык-Көл облусу. Январь, 2023-жыл.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, Кумтөр алтын кени, Улуттук банкта сакталган алтын, кендин ишин текшерүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия тууралуу суроолорго жооп берди.

Акылбек Жапаров Кумтөр алтын кени мамлекеттин карамагына өткөндөн бери алтын менен күмүштү казуу көбөйгөнүн белгилеген.

"Эки жылда эле 45 тонна алтын, 8 тонна күмүш чогулта алдык. Азыр Улуттук банкта жатат. Кечээ жакында депутаттарды алып барып көрсөтүп чыктым",-деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле ал "19 тонна алтындын дайыны тууралуу" суроого жооп берип, "депутат Арсланбек Малиев комиссияга төрага болгондон кийин алтындын 1 граммы да уурдалбаганын комисссия өзү көрүп, ишенди" деп билдирди.

Башкы прокуратура Кумтөр кениндеги иштерди былтыр август айында текшере баштап, үч кылмыш ишин козгогон жана мамлекетке 1 миллиард сомдук зыян келтирилгени маалымдалган. Ошондо 2021-жылы сатылган 19,2 тонна алтындын дайыны тууралуу маселе көтөрүлгөн. Депутаттык комиссия былтыр 29-сентябрда түзүлгөн. Бирок бир да жолу отурумга чогула албай, кийин курамы кыскартылган. Комиссиянын иш мөөнөтү 28-мартка чейин узартылып, депутат Арсланбек Малиев ага төрага болуп шайланган.

Депутаттык комиссиядан тышкары бир катар оппозиционер саясатчылар кирген коомдук комиссия да түзүлгөн жана аны саясатчы Азимбек Бекназаров жетектеген. Бекназаров жана башка бир катар мүчөлөр кийин Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакка алынган.

Кыргызстан алтынын кайсы убакта кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын былтыр 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров билдирген. Ал ар бир доллар, ар бир грамм алтын үчүн ишкана өзү жана "Кыргызалтын", Улуттук банк керт башы менен жооп берерин, бул жагынан эл эч кам санабай койсо болорун айткан.

Кыргызстандын Улуттук банкында азыркы кезде сакталып турган алтындын көлөмү 40 тонна экенин 29-декабрда Жогорку Кеңеште банк ишмердүүлүгү боюнча маселе талкууланып жатканда мекеменин төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков билдирген эле.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG