Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

Айсулуу Тыныбекова эл аралык мелдеште алтын медал тагынды


Айсулуу Тыныбекова, эл аралык күрөш мелдешинде. Александрия шаары, Египет. Февраль, 2023-жыл.
Айсулуу Тыныбекова, эл аралык күрөш мелдешинде. Александрия шаары, Египет. Февраль, 2023-жыл.

Египеттин (Мысырдын) Александрия шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова алтын медал тагынды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күч сынашып, алгач франциялык Амелине Доуарени 7:0, кийин АКШ өкүлү Кайла Колиин Мираклды 10:0, жарым финалда украианылык Ирина Коляденкону 2:0 эсебинде утуп, финалга чыкты.

Алтын байге үчүн беттеште кытайлык Ло Сяоцзюаньды (Xiaojuan LUO) 3:2 эсебинде жеңип алды.

Бул мелдеште Кыргызстандан барган балбан кыздар: Айпери Медет кызы (76 кг) жана Мээрим Жуманазарова коло медалга ээ болду.

23-февралда башталган Египеттеги Ибрахим Мусафа атындагы эл аралык күрөш мелдеши 26-февралда аяктайт. Анда балбандар грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшүнөн күч сынашууда.

Буга чейин грек-рим күрөшүнөн таймаштарда кыргызстандык балбандар бир күмүш жана эки коло байгеге ээ болду. 82 килограмм салмакта Акылбек Талантбеков күмүш байгеге ээ болсо, Сыймык Махмудов (63 кг) менен Раззак Бейшекеев (67 кг) 3-орунду ээледи. Алдыда эркин күрөш боюнча таймаштар бар.

Айсулуу Тыныбекова 29 жашта. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын эки алтын, эки коло байгесин алган. Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү. Азия чемпионатынын төрт алтын, эки күмүш жана бир коло байгесинин ээси.

XS
SM
MD
LG