Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

АКШнын мамлекеттик катчысы Казакстан жана Өзбекстанга барат


Энтони Блинкен
Энтони Блинкен

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 28-февралдан 3-мартка чейинки сапары учурунда Казакстан, Өзбекстан жана Индияга барат. Бул тууралуу департаменттин маалымат кызматы кабарлады.

Блинкен 28-февралда Астанага келет. Ал казак президенти Касым-Жомарт Токаев баштаган бир катар жетекчилер менен жолугат. Ошол эле күнү Энтони Блинкен Борбор Азия өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен С5+1 форматындагы жолугушуу өткөрөт. Анда АКШ менен аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланмакчы.

С5+1 форматындагы жолугушууда экономикалык, энергетикалык жана экологиялык кызматташтыкты, ошондой эле АКШ менен Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен коопсуздук жаатындагы кызматташтыгын бекемдөө талкууланат деп кабарланды.

Астанадан кийин Энтони Блинкен Ташкентке барып, өлкө жетекчилери менен жолукмакчы.

Блинкен 1-мартта Нью-Дели шаарына G20 тобунун тышкы иштер министрлеринин саммитине катышуу үчүн барат. Жыйында азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук жаатында, маңзатка каршы туруктуу күрөшүү, саламаттык сактоо, гендерлик теңчилик, аялдардын укугун жана мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү, гуманитардык жардам жана түрдүү кырсыктар учурунда жардам көрсөтүү сыяктуу маселелер каралат.

XS
SM
MD
LG