Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

Бишкек милициясы орус жарандарына айып салынганын түшүндүрдү


Бишкектеги Эмен багы. 24-февраль, 2023-жыл.
Бишкектеги Эмен багы. 24-февраль, 2023-жыл.

Бишкек милициясы кабарлагандай, 23-февралда түнкү саат экилер чамасында баш калаанын Айтматов көчөсүнөн Абдырахманов, Киев көчөлөрүнө чейин белгисиз бирөөлөр Украинаны колдоо акциясын өткөрүп, имараттарга жана дубалдарга ал өлкөнүн желегине түспөлдөш тасма илип кетишкен. Милиция акция мыйзамсыз өткөнүн билдирди.

Акцияга катышкан чет өлкөлүк беш жаран Биринчи май райондук милициясына жеткирилген. “Аларга эки өлкөнүн чырына Кыргызстанды аралаштырбоо, чагымга жол бербөө боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлдү” – деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 431-беренеси (“Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуусу”) боюнча протокол толтурулуп, 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

24-февралда “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Бишкектеги Эмен багына Украинадагы согушта курман болгондорду эскерүү үчүн чыккан жети кишини милиция кармап кеткенин билдирген. Алардын ичинен экөөнүн кичинекей баласы болгондуктан дароо коё берилген. Кийинчерээк адвокат Жаныш Бараков төрт орус жаранына айып салынганын маалымдаган.

Бишкектин Эмен багындагы скульптор Сенкевичтин “Жер - биздин үй” деген эмгегинин жанында Украинада каза болгондорду эскерүү иш-чаралары өткөрүлөрү айтылган.

2022-жылдын 24-февралынын таңында Орусия Украинага толук масштабдуу аскердик кол салуусун баштаган. Согуш уланып,. ушул күндөрү орус күчтөрү негизги аскердик жана жарандык инфраструктурага абадан сокку уруп, аэродромдорду, аскер бөлүктөрүн, мунай кампаларын, май куюучу жайларды, чиркөөлөрдү, мектептерди жана ооруканаларды талкалап жатат.

Бир катар Батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ жана Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды күчөтүп, Москванын Украинадагы баскынчылыгын кескин айыптап келатат.

Украинадагы согушта курман болгондорду эскерүү иш-чарасы коңшу Казакстанда да өттү.

Орусия Украинага каршы агрессивдүү согуш жүргүзүп жатканын четке кагып, аны “демилитаризациялоо жана денацификация” максатын көздөгөн “атайын операция” деп атайт. (TSh)

XS
SM
MD
LG