Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:27

Бээжин ChatGPT жасалма интеллектин биротоло бөгөттөдү


Кытайлык Tencent жана Ant Group компаниялары бийликтин өтүнүчү менен ChatGPT жасалма интеллектин бөгөттөдү. Буга чейин маалымат каражаттары бул чат-бот "АКШнын пайдасына иштейт" деп жазышкан.

Америкалык OpenAI компаниясы иштеп чыккан ChatGPT буга чейин да Кытайда расмий бөгөттөлгөн болчу. Кытайлыктар аны VPN менен колдонушкан. Ал эми Tencent компаниясынын WeChat тиркемесинде ChatGPT кызматтарын сунуштаган ондогон мини-программалар иштечү. Чат-бот код жазат, поэзия, ал тургай илимий эмгектерди да жаратат. Кытай аны “тиешелүү мыйзамдарды жана эрежелерди бузгандыгы үчүн” бөгөттөп жатат.

Жергиликтүү басылмалар жакында эле "ChatGPT туура эмес маалыматтарды, анын ичинде Шиңжаңдагы окуялар тууралуу терс кабар таратууга, америкалык пропаганданы жайылтууга жардам берет" деген өңүттө макалаларды жарыялашкан.

Кытай буга чейин Google, Facebook, YouTube, Twitter, Reddit жана Wikipedia платформаларына тосмологон.

2022-жылдын ноябрында кеңири ишке киргизилген ChatGPT жасалма интеллектин колдонгондор дүйнөдө 100 миллионго жеткени айтылат.

Кытайлык технологиялык компаниялар эми ушул сыяктуу кызматтарды өздөрү сунуштамакчы. Мисалы, Baidu компаниясы март айында ChatGPT стилиндеги Ernie Bot долбоорун тесттен өткөрөт.

XS
SM
MD
LG