Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:17

Жол эрежесин бир жылда үч жолу бузган айдоочу кайра сынак тапшырат


ЖКККБ кызматкери, Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
ЖКККБ кызматкери, Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККБ) маалыматына караганда, жол эрежелерин бир жыл ичинде үч жолу бузган айдоочу кайра экзаменге жөнөтүлөт. Мындай чара ушул жылдын 8-мартынан тарта күчүнө кирет.

Укук бузуулар кодексинин 38-беренесине ("Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү – укук бузууларды болтурбоо (токтотуу) максатында транспорт каражатын башкарууга убактылуу тыюу салуу") ылайык, жол эрежесинин төмөнкү түрлөрүн бир жылда үч жолу бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшырышат.

  • Транспорт каражатынын мамлекеттик номерин атайын жаап алса жана анын бирөө жок болсо;
  • Айдоочу ыйгарым укуктуу кызматкердин транспорт каражатын токтотуу талабын аткарбаса;
  • Айдоочу белгиленген ылдамдыктан ашыра айдаса;
  • Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу каражаттар менен бара жаткан кызматтык унааларга жол бербесе;
  • Каршы кыймыл тилкесине чыгып, ашып өтсө же бурулса;
  • Айдоочу аракетинде кылмыштын белгилери жок болсо, адамдын ден соолугуна зыян келтирүү менен жол эрежесин бузса;

Ошондой эле Укук бузуулар кодексинин 193-беренесинин 3-бөлүгү - айдоочу мас абалындагы же айдоочулук күбөлүгү жок адамга унаасын башкарууга берсе да кайрадан сынак тапшырууга жиберилет.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымдашынча, былтыр 7 040 жол кырсыгы катталган. Андан 690 адам каза болуп, 11 миң 49 киши жаракат алган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 400 миңдей машине бар. ИИМдин эсебинде жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын күнөөсүнөн болот.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG