Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:47

Жапония Орусияга карата санкцияларын кеңейтет


Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида "Чоң жетинин" (G7) лидерлеринин онлайн жыйынында. Токио, Жапония. 24-февраль, 2023-жыл.
Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида "Чоң жетинин" (G7) лидерлеринин онлайн жыйынында. Токио, Жапония. 24-февраль, 2023-жыл.

Жапон өкмөтү Орусияга карата санкциялардын санын көбөйтүп, экспортто да жаңы чектөө киргизмекчи. Бул тууралуу "Чоң жетинин" (G7) лидерлеринин онлайн саммити учурунда Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида билдирди.

Анын маалыматына караганда, орусиялык 120 ишкердин жана компаниялардын активдери тоңдулурат. Мындан тышкары дрондордун тетиктерин Орусияга сатууга тыюу салынат. Ошондой эле Орусияга мунай өндүрүүгө керектелүүчү, компьютердик жана электрондук жабдууларды, 3D-принтерлерди экспорттоону чектейт.
Ал эми Орусиядан арак, жыгачтын айрым түрлөрүн, станокторду жана алтын импорттоого тыюу салды.

Жапониянын "кара тизмесинде" жалпысынан 900 орусиялык жаран жана 450 ишкана-мекемелер бар.

Санкциялар Орусиянын Украинадагы согушту улантып жатканына жооп катары кеңейтилүүдө. Орусия менен Жапониянын мамилеси былтыр, 24-февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин курчуган.

Жапония Орусиянын бул кадамын сындап, АКШ жана Европа өлкөлөрү жарыялаган санкцияларга кошулган.

Москва Жапонияны "дос эмес" өлкөлөрдүн тизмесине кошуп, Экинчи дүйнөлүк согуштан бери чечилбей келе жаткан маселелерди тынчтык жолу менен сүйлөшүүлөргө чекит койгон. Жапон жарандарына Курил аралдарына кирип-чыгууга тыюу салган.

Түштүк Курилдеги Итуруп, Кунашир, Шикотан жана Хабомаи аралдары Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССРдин көзөмөлүнө өткөн. Союз бузулганда аралдарга анын мураскери катары Орусия ээ болуп, өзүнүн аймагы деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG