Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Иманалиев: бир айда билим берүү тармагын реформалоо концепциясы иштелип чыгат


Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 27-февралдагы жыйынында билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин карап жатат.

Иманалиев 24-февралда билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Жыйында ал билим берүү тармагын реформалоо боюнча концепция бир айда иштелип чыгарын билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоодо колдонгон компьютерлери башка убакта иштетилбей турганын айтып, аларды компьютердик курстар үчүн колдонууну сунуштады.

“Кыргызстанда 3 миң китепкана бар. Ал жерге эл барбайт, бирок китепканачы айлык алып жүрөт. Ошолорду мектепке өткөрүп берсе, биринчи класска даярдай турган курстарды ачалы. Биз 5-7 жаштагы балага билим бере албасак, анда доордон артта калдык”.

Иманалиев көп колдонулбаган башка мамлекеттик имараттарды да мектептер менен кезектешип пайдалануу керек деген демилге көтөрдү.

Кесиби боюнча журналист Каныбек Иманалиев буга чейин Жогорку Кеңештин төрт чакырылышына депутат болгон.

2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин президент Садыр Жапаровдун саясатынын бир катар багыттарын сындап жүргөн, 2021-жылдагы президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон.(TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG