Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

УКМК Сирияга барууга камынган жаран радикалдык оюнан кайтканын билдирди


Сириядагы качкындар лагерлеринин бири.
Сириядагы качкындар лагерлеринин бири.

Сирияга баруу үчүн камынып жүрүп, камакка алынган 56 жаштагы Кыргызстандын атуулу радикалдык көз карашынан кайтканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы 27-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен облусунун 1967-жылкы тургуну бир нече жылдан бери камакта жаткан. Ал Сириядагы эл аралык террордук топторго кошулуп, согушка барууга даярданып жүргөн учурда кармалган. Түшүндүрүү иштеринен кийин ал радикалдык көз караштарынан кайткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 2018-жылдагы маалыматына ылайык, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, 150сү ошол жакта набыт болгон.

"Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Ирактын жана Сириянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын өткөн жылы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирген.

16-февралда Сириядан кыргызстандык 18 аял жана 41 бала алып келинген.(BCh)

XS
SM
MD
LG