Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

Ишкер айымдар үчүн Германияга сапар уюштурулат


Германияга бара турган ишкер айымдар.
Германияга бара турган ишкер айымдар.

Кыргызстандык ишкер айымдар тобу үчүн Германияга бизнес өнөктөштөр менен байланыш түзүү жана тажрыйба алмашуу максатында иш сапар уюштурулат. Бул тууралуу 27-февралда Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, алар адегенде Бишкекте окуудан өтүп, Германияга барганда бизнес-процесстерди башкаруу боюнча тажрыйба алып, тренингде алган башкаруу жөндөмдөрүн иш жүзүндө колдонууга мүмкүнчүлүк алышат.

Кийим тигүү, косметика, айыл чарба жана эмерек жасоо тармагында бизнес жүргүзгөн айымдар иш сапар учурунда Германиянын көптөгөн компанияларынан бизнес өнөктөш табууга мүмкүнчүлүк алышары белгиленди.

Расмий статистика боюнча, Кыргызстанда аялдар менен эркектердин саны дээрлик бирдей. Аялдардын 64% айыл жергесинде жашайт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, аялдар ишкер эркектерге караганда 15% көбүрөөк киреше табат, чыгымы азыраак болот, алардын 80% “жашыл технологияларга” көбүрөөк басым жасап иштешет, кирешеге караганда туруктуулукка көбүрөөк көңүл бурушат. (RK)

XS
SM
MD
LG