Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:16

Италиянын жээгинде чөгүп кеткен мигранттардын саны 61ге жетти


Кырсыкка учураган кеменин сыныктары. Италия. 27-февраль, 2023-жыл
Кырсыкка учураган кеменин сыныктары. Италия. 27-февраль, 2023-жыл

Италия бийлигинин маалыматына караганда, мигранттар бараткан кемедеги чөгүп кеткен дагы бир кишинин сөөгү табылды. Ошону менен курмандыктардын саны 61 кишиге жетти. Түркиядан Европага жол тарткан жыгач кеме 26-февралда Калабриянын жээгинде аскага урунган. Жергиликтүү бийликтин өкүлү Мануэла Курранын айтымында, 80 киши куткарылды, маркумдардын арасында 12 бала бар. Мыйзамсыз мигранттар Ооганстан, Иран жана башка өлкөлөрдөн келаткан.

Аман калагандардын айткандарына таянып, Италия бийлиги кемеде 180-200дөй киши болгонун боолголойт.

Кырсык болору менен куткаруу-издөө иштери башталган.

Италиянын премьер-министри Жоржиа Мелони окуяга “терең кайгырарын” айтып, трагедия үчүн жоопкерчиликти адам аткезчилерине жүктөдү. Өкмөт башчы бийлик мигранттардын мындай тобокелдиктерин алдын алуу аракети улантыларын кошумчалады.

БУУнун маалыматына караганда, Жер ортолук деңизиндеги өтө кооптуу маршруттар менен Италияга жыл сайын он миңдеген мигрант агылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG