Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:16

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде Орусия катуу сынга кабылды


Антонио Гутерриш жана Адам укуктары боюнча жогорку комиссар Волкер Түрк. Женева, 27-февраль, 2023-жыл
Антонио Гутерриш жана Адам укуктары боюнча жогорку комиссар Волкер Түрк. Женева, 27-февраль, 2023-жыл

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин Женевадагы жыйыны Украинага ачкан согуш үчүн Орусиянын дарегине айтылган катуу сын менен башталды. 4-апрелге чейин уланчу жыйындын ачылыш сессиясында уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриш 100 миллиондой киши былтыр уруштан качып жер которууга мажбур болгонун, Адам укуктары боюнча декларация болуп көрбөгөндөй бузулуп жатканын айтты.

Гутерриш согуш адамдардын өлүмүнө, кыйроолорго, жапырт жер которууга алып келгенин, жарандык жайларды бутага алуу карапайым элди азап чектирип жатканын белгиледи.

Сессияда Украинадагы согуш кылмыштарын иликтөө чакырыктары байма-бай жаңырат деп күтүлүүдө.

Киев орус жетекчилигинин аракеттерин атайын трибуналда кароо, аларды жоопко тартууну камсыздоо керектигин айтып келатат.

Гутерриштин айтымында, Адам укуктары боюнча жогорку комиссардын кеңсеси жаңжалга байланыштуу сексуалдык зомбулуктун ондогон учурун документтештирди.

Баш катчы эл аралык гуманитардык мыйзамдарды, согуш туткундарына тиешелүү жоболорду бузуу, адамдардын дайынсыз жоголуу же соттун чечимисиз кармоо өңдүү фактылар да аныкталганын кошумчалады.

Далилдерге карабай, Орусия жарандык объектилерди бутага алганын танып келатат. 2-мартта орус тышкы иштер министринин орун басары сессияда сүйлөйт деп күтүлүүдө. Москва былтыр апрелде кеңештен чыгарылганы менен байкоочу катары жыйынга катыша алат.

Сессияда Кытайдагы уйгурлардын жана башка мусулмандардын абалы да талкууланмакчы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG