Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Өкмөт башчы билим берүү системасын толук өзгөртүү керек экенин айтты


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда былтыр мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 69 проценти гана жалпы республикалык тестирлөөгө катышканын бүгүн 27-февралда Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн жолугушууда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты.

Өкмөт башчы белгилегендей, былтыр мектепти 58 миңден ашуун улан-кыз аяктаган.

Жапаров тестирлөөгө катышкандардын көпчүлүгү негизги тесттин эң төмөнкү упайына жете албай калганын, 110 балл деген көрсөткүчкө жетпегендер 57% болгонун кошумчалады.

Буга байланыштуу ал мектептерде окутуу сапатын жогорулатуу, мугалимдердин жөндөмүн жакшыртуу зарылдыгын, өлкөнүн билим берүү системасы кардиналдуу өзгөрүүлөргө муктаж экенин жана ишти бала бакчалардан баштоо керектигин белгиледи.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 1712 бала бакча бар, аларда тарбияланып жаткан бөбөктөр 199 миңдин тегерегинде. Мектептер 2,5 миңге, окуучулар 1,5 миллионго чамалады. (RK)

XS
SM
MD
LG