Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:12

Жүрөк хирургиясы институтунун директору кызмат абалынан пайдаланган деп айыпталууда


Саламаттык сактоо министрлиги.
Саламаттык сактоо министрлиги.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунун директору Жазык кодексинин 210-беренеси (Ишеним көрсөтүлүп берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу) жана 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы "Азаттыкка" 28-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек прокуратурасы аны 14-февралда кармап, ошол эле күну сот үй камагына чыгарган.

"Кармалган күнү эле анын бөгөт чарасы аныкталып, үй камагына чыгарылган. 16-февралда ал ээлеген кызматынан бошотуу өтүнүчү менен арыз жазган. Изилдөө учурунда Т.К. 1 млн. 97 миң сомдук зыянды толук кайтарып берген. 20-февралда анын иши Биринчи май райондук сотуна жиберилди. Ушул тапта кылмыш иши соттун кароосунда", - деп жазылган Башкы прокуратуранын маалыматында.

Таалайбек Кудайбердиев башкарып келген институт Саламаттык сактоо министрлигине карайт. Министрликтин билдирүүсүндө, ал азырынча кызматтан кете элек, тиешелүү чечимди Министрлер кабинети кабыл алат.

Кудайбердиевдин өзү жана анын адвокаттары, жакындары комментарий бере элек. (BCh)

XS
SM
MD
LG