Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

Бишкектеги жол кырсыгынан эки адам каза болду


Бишкектеги жол кырсыгы.
Бишкектеги жол кырсыгы.

27-февралда түндөсү Бишкекте болгон жол кырсыгынан эки адам каза болуп, беш киши жаракат алды. Бул тууралуу "Тез жардам" борборунун дарыгери Борис Егоров "Азаттыкка" маалымдады. Анын айтымында, окуя болгон жерге "Тез жардам" борборунун беш бригадасы барган.

Баш калаадагы Масалиев жана Токтоналиев көчөсүндө болгон кырсыкта Honda Stream жана Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаалар кагылышып, айдоочулары окуя болгон жерде көз жумган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымдашынча, былтыр 7 040 жол кырсыгы катталган. Андан 690 адам каза болуп, 11 миң 49 киши жаракат алган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 400 миңдей машине бар. ИИМдин эсебинде жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын күнөөсүнөн болот. Быйыл Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарга карата жазаны катаалдашты. Ага ылайык, бир жылда үч жолу жолу кайталап жол эрежесин бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшырууга жөнөтүлөт. Мас абалында рулга отургандар бир жылдан үч жылга чейин айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. (BCh)

XS
SM
MD
LG