Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Эненин аманаты – бир ууч топурак


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.

Султан Раев – бүгүнкү күндө кыргыз адабиятын дүйнөгө таанытып жаткан саналуу жазуучулардын бири. Анын драмалык чыгармаларын айтпаганда да ой өрүшү кенен, терең философиялык жалпылоолорго чейин өсүп жеткен романдары эл аралык абройлуу сынактарда алдыңкы орундарды ээлеп, оң баага арзыгандыгын билебиз. Султан Раев мыкты драматург жана романчы гана эмес, ал ошондой эле чебер аңгемечи да. Биз бүгүн жазуучунун окурмандардын купулуна көбүрөөк толгон "Топурак" аттуу аңгемеси тууралуу учкай кеп кылабыз.

Аңгеме өзгөчө эргүү, илхам, эмоция менен жазылган. Жазуучу бул чыгармасын калеминин сыясына көкүрөк-көөдөнүнүн демин кошуп жазгандай. Мунун да өз себеби бар. Анткени аңгеме жазуучунун өз энесине арналган жана чыгарманын башкы каармандары да – энеси менен өзү. Башкача айтканда, "Топурак" – автобиографиялык баян.

Аңгеме эмне үчүн "Топурак" деп аталган жана чыгармада топурактын ээлеген орду, көтөргөн жүгү, аткарган кызматы эмнеде? Автор үчүн бир ууч топурактын кандай мааниси бар жана ал эмнеликтен баштан-аяк аны эскерип, улам-улам эске салып отурат? (Аңгемеде "топурак" деген сөз 33 жолу кайталаныптыр.)

Кыргызда "туулган жердин топурагы алтын" деп айтылат. "Өлгөндө ата конушумдун (кеңири мааниде Мекенимдин) топурагы буюрсун" дейт. Бирок аңгемеде топурак Мекендин, Ата Журттун символу эле эмес, жазуучу топуракка мындан тышкары да көп маанини камтыган, бир ууч топурак аркылуу каймана көп ойду айткысы келген.

Башкы кейипкер Мураттын энеси ичер суусу, көрөр күнү аз калганын билип, жалгыз уулуна керээзин айтып, жаздыгынын астында катып жүргөн аманатын тапшырат. Ал аманаты – бир ууч топурак. Аңгемедеги ошол эпизодко орун берели:

"Бу топуракты… – деди кемпир дармансыз, – бир ай мурда Алайга… Кабылан-Көлгө барганда алып келгем… – деди апасы. – Ата конушумун топурагы, уулум… Жаман айтпай жакшы жок… ичер суум түгөнүп, кокус ары бурулуп кетсем, жайыма ушу… бир ууч топуракты таштап кой… – деди кысылган үн менен. – Бу ата конуштун топурагы… өлгөндү топурак суутат, уулум".

Карасаңыз, адамга киндик каны тамган жери ушунчалык ысык болот экен, ал андан өлгөндө да ажырагысы жок, анын бир кочуш топурагын түбөлүк кучактап жаткысы келет.

Чүкөдөй кемпир акка моюн сунар күндөрү айтылган ушул осуяты менен уулунун жан дүйнөсүндө кандай будуң-чаң салганын, аң-сезиминде кандай бурулуш жасаганын билбесе да керек. Мурат үчүн энесинин бул керээзи кадимки айтыла жүрчү көп керээздердин бириндей болбоду, бул осуят анын акыл-эсин ала салдырып, жан-тенин уйгу-туйгу кылды. Эми ал дүйнөнү башкача көрүп, адамдарга башкача мамиле кыла баштады. Жок, ал өзүнүн рух ааламында бурулуш болуп өткөнүн о замат түшүнбөдү. Кийнчерээк, бара-жүрө аңдап-билди. Айрыкча, ал жапондардын кут даарыган жайы Фудзиге барганда "үчүнчү көзү" ачылды.

Ыйык Куранда да, Инжилде да адам топурактан жаралган деп айтылат. Демек, аңгемеде топурак тек бир эле ата конушту же Ата Мекенди символдоштурбайт, ал – адамдар жашаган жалпы жер жүзүнүн, бүт планетанын да символу. Жердин өзү топурактан турат, мындан келди, топурак – өмүрдүн, тирүүлүктүн да башаты. Ушул ыңгайдан алганда аңгемедеги топурактын бейнеси жүрүп отуруп материалдык көрүнүштөн, рухтук, астралдык көрүнүшкө айланат. Мурат үчүн топурактын мындай трансформациясы алгач апасын көөмп жатканда башталды. "Топурактын жытын эми сезди ал. Бу топуракта апасынын жыты бардай сезилди. Ал биринчи жолу топурактын жытын сезди. Топурак апасы жыттанды…", – деп айтылат чыгармада.

Топурактын метафизикалык-философиялык мааниси андан ары тереңдетилип отуруп, башкы каарман Мурат Фудзиямага барганда өз апогейине жетет. Топурак көп кырдуу, полифониялуу образга, метафорага айланат.

"Мурат Фудзинин этегине барып, колуна бир ууч топуракты алды. Топурак жытын сезди. Топурак жыты Мураттын алай-дүлөй болуп турган дүйнөсүнө жапон акыны Сайгёнун таржымалын салды, кайран акын үч сап ыр жазам деп ааламды безип, бу Фудзинин боорундагы тамтыгы чыккан алачыкта жашап, жалгыз аяк жолдо өмүрү өтүп, ыр кучактап чирип өлгөнү… жалгыздык жан Кудайына айланып, адамдардан оолак жашап, Фудзинин дарактарында безеленип учкан куштар менен, шылдыр аккан суу менен, шамалга дирилдеген жалбырак менен, түнкү тунук ай менен, таңкы Күн нуру менен сүйлөшүп, жалгыздыкты жан соога чалган Сайгёну эстеди…

Анын үч сап ырын эми, Фудзинин жели болгон саптарын эми түшүндү…

Мураттын жадына Сайгёну пир тутуп, анын караанына табынган Басёнун үч сап ыры келди…

Фудзи боорунан келген жел!
Шаарга алып барам сени желпигичке салып,
Эң баалуу белек деп..." (Зарыл болгону үчүн узунураак цитаталоого туура келди).

Көрдүңүздөрбү, автор өзү айтмакчы, эгерде Мурат Фудзиге барбаганда, касиеттүү тоонун топурагынын жытын сезбегенде, Жапониянын улуу акындары Сайгё менен Басёнун аруу дүйнөсүн (кеңири мааниде жапон рухун, жапон маданиятын) түшүнмөк эмес. Эң кызыгы, Мурат ал жерде жапон акындарынын эле рухун туюп-сезбейт. Ага "апасынын руху да анын жанында жүргөндөй" болот. Демек, топурактын касиет-куту, шарапаты менен ("апасы ата конуш топурагын бекем кысып жерде" жаткандыктан) анын дилинде, анын жан-тениде эки элдин руху, маданияты жуурулушат. Ал үчүн дүйнөлүк руханияттын эшиги ачылат. Ошол эле учурда өз Мекенине болгон сүйүүсү артат. Чыгармада бул тууралуу минтип баяндалат:

"Апасы ата конуш топурагын бекем кысып жерде жатпаганда… ал деле буердин топурагына маани бермек эмес, жыттамак эмес, алаканына салып алыскы мекенин эстемек эмес. Бир ууч топурак алыскы мекенин сагынттырды…"

Башкасын мындай кой, бир ууч топуракты бөлөктөргө ыраа көрбөгөн жапондордун ар тараптуу өнүгүп-өсүп жаткандыгынын себеби улуттук баалуулуктарын, маданиятын, каада-салтын өзгөчө кастарлап сыйлагандыгында экендиги талашсыз. Ата Журтун көздүн карегиндей сактап, ыйык тумардай аздектеп-сүйгөнүндө экендиги шексиз. А бизде болсо баары теңирден тескери кеткен. Ошон үчүн оңолбой келебиз…

Султан Раевдин "Топурак" аңгемесин окурмандар арасында "прозадагы поэзия" деп баалагандар да болду. Ырас, чыгарманын тили жатык, көркөм-поэтикалык түзүлүшү мыкты, сүйлөмдөрү жандуу, ыргагы чын эле ырдын ыргагындай. Бирок аңгемеде көзгө өөн учураган майда-барат мүчүлүштүктөр да жок эмес. Алсак, айрым абзацтарда этиштин өткөн чагы (мисалы, "болду", "ыйлады", "сүйлөдү", "жыйнады") көп кайталана берген же кээ бир диалогдорго төл сөздөр (мисалы, "деди кемпир дармансыз", "деди апасы", "деди кысылган үн менен") ыксыз колдонулган. Менимче, бул диалогдо биринчиси эле жетиштүү болмок.

Бирок мындай анча-мынча кемчиликтер аңгеменин идеялык-эстетикалык жалпы баалугугуна эч көлөкө түшүрө албайт жана сүрөткердин "Топурагы" учур адабиятынын мыкты чыгармалардын бири бойдон кала берет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG