Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Кемпир-Абад иши: Камактагыларды колдоп чыккан активистти шаардык сот да күнөөлүү деп тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отургандарды колдоп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына митингге чыккан жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду жоопко тартуу тууралуу чечимди күчүндө калтырды. Иш шаардык сотто бүгүн 28-февралда каралганын, судья күбөлөрдү суракка алуу тууралуу өтүнүчтү четке какканын, эл аралык уюмдарга бул чечимге каршы кайрылуу жөнөтүлөрүн “Азаттыкка” активист өзү маалымдады.

20-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Токтонасыровго 3000 сом айыппул салынган.

10-январда камактагылардын жакындары, болжол менен жүздөй адам ИИМ алдына акцияга чыккан. Алар мыйзамдуулукту талап кылган ураандарды айтып турушкан. Көп өтпөй отуз чактысын, арасында улгайган адамдарды Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына кармап кетип, кийин кое беришкен.

ИИМ кармоого алар плакаттарды, ар кандай чакырыктар жазылган кагаздарды көтөрүп, үн күчөткүч менен сүйлөгөнү себеп болгонун, анын баары мыйзамсыз экенин билдирген.

Кармалган отуздай демонстранттын бешөөнө (экөөнө Укук бузуулар жөнүндө кодекстин "Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу" деген 139-беренесинин жана үчөөнө "Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" деген 128-беренесинин негизинде) протокол түзүлүп, калгандары түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин кое берилген.

Бешөөнүн иши сотко өткөн. Алардын арасында Токтонасыровдон (ага айып 128-берене боюнча тагылган) тышкары активист Адилет Балтабай, саясатчы Азимбек Бекназаровдун агасы Казымбек Бекназаров, Талас облусунун мурдагы башчысы, активист Айбек Бузурманкуловдун жубайы Толгонай Солтонова бар. Баарына 3000 сом айып салынган. Адилет Балтабай мурда козголгон ишине байланыштуу бул жолу кармалганда абакка кесилген.

Былтыр октябрда Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразылыгын билдиргендердин жыйыны өтүп, натыйжада курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын отузга жакыны Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакка алынган. Көбү камакта отурат, айрымдары ден соолугуна байланыштуу ооруканага же үй камагына чыгарылган. (RK)

XS
SM
MD
LG