Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:37

Киев Бахмуттун айланасындагы кырдаал "өтө оор" болуп жатканын билдирди


Украин аскерлери Бахмут шаарында. 25-февраль, 2023-жыл
Украин аскерлери Бахмут шаарында. 25-февраль, 2023-жыл

Украин президенти Владимир Зеленский Донецкидеги Бахмут шаарын коргогон жоокерлер үчүн кырдаал "өтө оор" болуп жатканын билдирди. Украин армиясынын Башкы штабы 28-февралда маалымдагандай, соңку 24 саатта аймакта орус аскерлеринин 60тан ашык чабуулунун мизи кайтарылды.

Орус күчтөрү Лиман, Авдеевка, Шахтерск багыттарында чабуулдарын улантып, бирок Бахмутту алууга көп аракет жумшап жатат. Маалыматка караганда, алар жер менен жексен болгон шаарды курчоого алууга, украин аскерлеринин курал-жарак, башка зарыл нерселер менен камсыздаган жолдорун кесүүгө далаалаттанууда.

“Бахмуттун айланасындагы жерлерди коргогон жоокерлерибиз чыныгы баатырлар”, - деп айтты Зеленский 27-февралдагы кайрылуусунда. Президент дагы бир жолу Батышты “Орусиянын терроруна” каршы туруу үчүн Украинаны учактар менен камсыздоого чакырды.

Дүйшөмбү күнү кечинде украин куралдуу күчтөрүнүн жетекчилиги Орусия чыгыш тарапта аскерлеринин санын көбөйтүп жатканын, Луганскиге армияга жаңы алынган 200дөн ашуун кишини жөнөткөнүн билдирген.

Орусия Бахмутка өткөн жайдан бери чабуул коюп келатат, бирок жыл башында ал жактагы аракеттерин күчөттү.

Талдоочулардын айтымында, дээрлик толугу менен талкаланган шаарды алуу Орусия үчүн стратегиялык мааниге ээ эмес, бирок Москва аскерлерге дем берүү максатында Бахмутту өзүнө кайтарууга аракеттенүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG