Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Суваналиев: 20 вагон курал-жарак колго түшүрүп, отставкага кеткем


Суваналиев: 20 вагон курал-жаракты колго түшүрүп, отставкага кеткем
please wait

No media source currently available

0:00 0:50:26 0:00

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу коомдук ишмер, генерал-майор Өмүрбек Суваналиев болду. Ал маегинде кантип "Катани" атка конгону, эл аралык кылмыштуу топту Нарындан кууп чыкканы, 20 вагон курал-жарак кантип колго түшкөнү, Атамбаевдин кечирим сурабай койгону, Отунбаева жана Жапаров менен иштеше албай калганынын себептери ж.б. маселелерге кенен токтолот.

- Өмүрбек мырза, сиз Ысык-Көлдө иштеп жүргөндө “Катани” деген атка кондуңуз, аны сизге ким койгон, кайсы окуя себеп болгон?

- Мен, 1989-1990-жылдары Ысык-Көлдүн Каракол шаарында ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп иштедим. Ошол мезгилде СССРдин аймагында ар кандай кылмыштуу топтор чет өлкөлөргө учактарды зордоп айдатып качуу фактылары катталып жаткан. Бир күнү Каракол аэропортунан 3-4 кылмышкер 14 жүргүнчүнү барымтага алып, чех өндүрүшүнөн чыккан учак менен чет өлкөгө учуп кетүүнү талап кылышкан. Мен аларга каршы операцияны жетектеп, жүргүнчүлөрдү куткарып, кылмышкерлерди кармаганбыз. Анда капитан болчумун. Ошол кезде Москвада чыккан “Комсомольская правда” деген гезити мен жөнүндө “Капитан Катани” деп макала жазган. Ошондон кийин эл “капитан Катани” деп калышты. Ал убакта Италиянын “Спрут” деген киносериалы абдан попурлярдуу болуп, ал жерде да капитан Катани деген офицер башкы ролдо ойногон.

- Сиз 1998-жылы Ошто облустук коопсуздук башкармалыгын жетектеп турганда 700 тонна курал-жарак салынган 20 вагонду кармап, катуу ызуу-чуу салгансыз. Сиз ошол жүктүн айынан жогорку жактагылар менен келише албай кызматтан кеткенсиз, ал окуянын чоо-жайын эми ачык айта аласызбы?

- Бул таптаза контробанда жүк болчу. “Эл аралык кызыл чырым уюмунун Ооганстанга гуманитардык жардам жүгү” деп алып баратышкан. Чындыгында ал жерде ундардын арасында катылган ок дарылар, заманбап согуштук курал-жарактар болгон. Жүк Ирандан келаткан, Кокон аркылуу Ошко келип түшкөн. Бизге түшкөн маалыматтар боюнча курал-жарак Тажикстандын Каратегин өрөөнүнө бармак. Ал жерлерди "Өзбекстан ислам кыймылы" (экстремисттик уюм) ээлеп алган болчу. Жума Наманганинин отряддары да тажик президентинин оппозициясы тарабында согушуп жаткан. Ооганстанда Ахмад Шах Масуд талибдерди кууп жаткан мезгил болчу.

Жүктүн ээлери ирандык жигиттерди кармап, камап койдук. Ал тараптан бизге чоң акчаларды сунуш кылышты. Биз болбодук. Ошондо биздин министрибиз Мисир Ашыркулов болчу, ага дароо маалымат бердим. Бажы комитетинин башчысы Исхак Масалиев болчу, ага айттым, Ошко келди. Алар бажы тармагынын мыйзамына ылайык административдик иш ачты, биздин башкармалык кылмыш ишин ачтык. Биз “жүк контробанда, Кыргызстанда конфискация болуш керек” деген позицияны кармадык. Журналисттерге болгонун болгондой кылып, маалыматтарды бере баштадык. Анан ызуу-чуу башталды. Ак үйдөн телефон чалуулар болду. Ыраматалык мамлекеттик катчы Ишенбай Абдразаков чакырып, “Аскар Акаевич, суранып жатат, жүктү кое берип койчу” деп суранган. Ал жүктүн айынан УКМКнын төрага орун басары, генерал Верешагин менен сөгүшүп кеткен учурлар болгон.

Министр Мисир Ашыркулов телефон да чала алган жок. Көрсө, губернатор Муралиев, президент Акаев ж.б. баары ал жүк жөнүндө билишкен экен. Анан мен Жогорку Кеңештеги депутаттарга чыктым. “Парламенттик угуу кылалы, мени колдогула” деп депутат Дооронбек Садырбаевге телефон чалдым. Тиешелүү документтерди жөнөттүм, артынан өзүм да Оштон учуп келдим. Жүктү камакка алып койгонбуз. Депутаттар менен иштедим, журналисттерге баардыгын ачык айтып бердим. Эртеси добуш берүүгө келгенде баягы "макулмун" деген депутаттардын көбү артка кетсе болобу. Көрсө, бийлик алар менен түнү бою иштешиптир, пикирлерин өзгөртүп кетишти. Ачык өтөт деген парламент жыйыны жабык өттү. Ошондо Мисир Ашыркуловго “сен лейтенаттан генерал болдуң, Акаевдин досу болгонуң үчүн гана иштеп жүрөсүң, бул иштин аягы жаман болот” деп катуу айттым.

Ирандыктар бизге акча сунуш кылганын, алар “жогорку бийликтегилерге да акча бердик” деген сөздөрүн да айттым. Ошол окуядан кийин мен отставкага кеттим, жумуштан алышты. Мен кеткенден кийин ал жүктү Тажикстанга жөнөтүштү деп уккам, андан кийинки тагдыры жөнүндө ар кандай маалыматтар бар, бирок, так далилдерим жок.

- Бакиевдин бийлиги учурунда Нарын облусуна губернатор болуп турганда чет элдик кылмыштуу топтордун өкүлдөрүн облус аймагынан кууп чыккан экенсиз. Ал кандай болду эле?

- “Уюшкан кылмыштуу топтордун чет өлкөлүк өкүлдөрү Эки-Нарын аймагынын жогору жагына, жайлоого келет экен, сегиз боз үй тигилип жатат” деп маалымат келди. Нарындын ичи ызуу-чуу болуп эле жатып калды. “Бизге ИИМден, УКМКдан чалышты” деп алардын облустук жетекчилери күйпөлөктөп отурушат. Анан мен облустук ички иштер башкармалыгына барып, координациялык кеңешме өткөрдүм.

Облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигин “үйүңүзгө барып эс ала бериңиз” дедим. Кызматкерлерди Эки-Нарынга жибердим, ардагер милицияларды мобилизацияладык, айыл өкмөттөрдү да ишке тарттык. Анан баягы кылмыштуу топторду кетирдик. Чындык үчүн айтсам мен аларга барган жокмун.

Эң кызыгы кылмыштуу топтор жүргөн жол тандабас сегиз автоунаага президенттин иш башкармалыгы “уруксат кагазын” берген. Аны машинанын айнектерине бадырайтып тагып алып жүрүшкөн. Алар Бишкекке менчик учак менен келишкен. Ар бирине бирден машина, президенттик кортежден кем эмес куушуп келишкен. Сегиз кишиге сегиз боз үй, сегиз даараткана даярдалган. Алар бээнин сүтүп ичишип, 10 күн жайлоодо жатышмак.

(Маектин толук версиясын видеодон көрүңүз)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG