Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

"БШКга бийликтин тилинен чыкпаган адамдар көрсөтүлөт"


"БШКга бийликтин тилинен чыкпаган адамдар көрсөтүлөт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:23 0:00

"БШКга бийликтин тилинен чыкпаган адамдар көрсөтүлөт"

"Бийлик сырлары" программасынын бүгүнкү коногу Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев болду. Ал шайлоо комиссиясына кантип келип калганы, Акаев, Бакиев, Убактылуу өкмөт, Атамбаев, Жапаров учурундагы шайлоолорго бийликтин таасири, ал мезгилдеги мыйзам бузуулар тууралуу айтып берди.

- Акылбек мырза, акыркы 20 жылдагы бийликтегилер БШКга өзүлөрүнө караштуу, алардын айтканынан чыкпаган, лоялдуу адамдардын мүчө кылышат деген пикирлер арбын, сиз буга кошуласызбы?

- Ооба, андай көрүнүш азыркыга чейин созулуп келе жатат. Кайсы бийлик болбосун өзүнө караштуу, алардын тилинен чыкпаган адамдарды көрсөтүшөт. Сырттан келип шайланып калгандар чанда кезигет.

- 2005-жылы Бишкек шаарындагы университет округунан парламент депутаттыгына ал кездеги президент Акаевдин кызы Бермет талапкерлигин койгон. Ага атаандаш болгон элчи, оппозициянын мүчөсү Отунбаеванын талапкерлиги алынып салынган болчу. Роза Исаковнаны саясий күрөштөн четтетүү канчалык мыйзамдуу болгон деп ойлойсуз?

- Ар кайсы бийлик убагында шайлоо эрежелери ар кандай болуп келди. Чындыгында Акаевдин заманында депутат болчу адам белгилүү мөөнөттө Кыргызстанда жашаш керек деген талап бар болчу. Отунбаеваны да “мөөнөтү жетпейт” экен деген шылтоо менен шайлоодон четтетишкен. Кызык көрүнүш - Бакиев президент болуп турганда 2007-жылы Кемин шайлоо округунан Бермет Акаеваны да “мөөнөтү жетпейт” деген жүйө менен шайлоодон алып салышкан.

- Кыргызстандын жарандары элчиликтерде иштеген жылдары чет өлкөлөрдө деп эсептелип келгенби?

- Убагында бул маселени айтып чыккам. Биздин мамлекеттин чет жердеги элчиликтерибиздин ээлеген жери - Кыргызстандын аймагы болуп эсептелет. Демек, анда иштегендер Кыргызстандын аймагында иштеди деп саналыш керек болчу. Тилекке каршы, андай болбой калган.

- 2005-жылы 24-марттагы бийлик алмашкан күнү кечинде Жогорку сот парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечим кабыл алган. Президент Акаевдин баласы Айдар, кызы Бермет депутат болуп келишкен. Ал чечим канчалык мыйзамдуу жана Конституцияга ылайык чечилген? Же саясий чечим болгонбу?

- Ачык айтканда бул саясий чечим болгон. Элдин эсинде, 2005-жылы 22-мартта жаңы шайланып келген ЖКнын депутаттары ант беришип, күбөлүктөрүн колдоруна алып, ишин баштаган. Жаңы ЖК ишин баштагандан кийин мыйзам боюнча мурдагы ЖКнын курамы ишин токтотот. Андан эки күн өтүп 24-мартта Жогорку соттун толук курамы жаңы парламенттин ыйгарым укуктарын токтотуп, шайлоону жараксыз деп чечим чыгарып жатат. Жогорку сот толук курамы менен чечим чыгарганы да мыйзамсыз болгон, алар соттук коллегияда эле караш керек болчу. Экинчи мыйзамсыз көрүнүш, Жогорку сот чечимди өзү түз карап жатат. Алар төмөнкү соттук инстанциянын чечиминин туура, же туура эместигин гана караш керек болчу. Тилекке каршы, биздин Жогорку сот ушундай чечим кабыл алган, ал кездеги соттор тарых алдында жооп беришер деп ойлойм.

- Ошол кездеги бийлик сиз айткан мыйзамсыз чечимди кабыл алууга сотторду мажбурлаган десек болобу?

- Эми аны соттордун өзү айтышы керек. Бизде шайлоолордо “боло берет” деген мыйзамсыз көрүнүштөр 2005-жылдан башталганы анык. Азыркы күнгө чейин уланып келе жатат.

- Демек, ошондон берки шайлоолордун баарында мыйзамсыз көрүнүштөр болгон экен да...

- Баары деп айта албайм. Мыйзамсыз болгон көрүнүштөр жетиштүү...

- 2008-жылы Бакиев бийликте кезде БШКнын мүчөлүгүнөн кетиптирсиз, ага эмне себеп болгон?

- Биздин мөөнөт 2002-2007-жылдар болчу. Парламентке шайлоо болуп калып, БШКнын эски курамы иштегендиктен, мөөнөт 2008-жылга чейин созулуп кеткен. БШКны кайра шайлаарда мага сунуш түшкөн жок. Ал учурдагы бийлик өзүнө караштуу кишини алып келгиси келди окшойт. Мөөнөт бүткөндүктөн кеттик десем болот.

- Коомчулукта шайлоо учурунда БШКга борбордук бийликтин басымы, кысымы күчтүү деген пикирлер арбын. Кимдин депутат болушун президенттик администрация чечет, ал жакта тизме болчу, БШКга аларга жолтоо болбоо боюнча көрсөтмөлөр берилчү дегендер бар. Буга эмне дейсиз?

- Айтылган кептердин жүйөсү бар. Мен 2007-жылы ЖКга шайлоо болуп жатканда мени БШКнын төрагасы катары президенттик администрациянын жетекчиси, ыраматылык Медет Садыркулов өзү чакырган күндөр болгон. Бирок, мен “эгер ал кишиде мага суроо болсо өзү БШКга келип жолуксун” дегем. Ал киши чоң саясатчы киши экен, өзү келип БШК мүчөлөрү менен жолугуп, шайлоону кандай өткөрүүнү ачык айтпаса да биздин эмне кылышыбыз керектигин кыйыр түшүндүргөн. Ошондон кийин мен БШКнын төрагалыгынан кеткем, Клара Кабилова төрайым болуп келген.

- Кыргызстандын белгилүү укук коргоочуларынын бири ЖКда орун жетпей калып таарынган партияларга “силер деле Ак үйгө убагында келсеңер орундарга жетип калмаксыңар” деп айтканы бар эмеспи, бул факт Ак үйдүн шайлоого түздөн-түз кийлигишкенин айтпайбы?

- Мен өзүм көрбөгөндөн кийин Ак үй түздөн-түз кийлигишкен деп айта албайм, ага катышкан эмесмин, имиш кептерди мен дагы уккам. Бирок, шайлоонун жыйынтыгын карасак ошондой ойлорго түртөт. Шайлоодо Бакиевдин “Ак Жол” партиясы, анан СДПК жана Коммунисттер партияларынын мандат алышы көп суроолорду жараткан. Биз аны да убагында ачык айтканбыз. БШКнын үч мүчөсү шайлоонун жыйынтыгын чыгарган чечимге кол койгон эмеспиз.

- 2010-жылы күз айында Убактылуу өкмөттүн бийлигинде ЖКга шайлоо болуп, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери парламентке өтпөй калышынына БШКны, анын ичинде сизди күнөөлөгөн. Бийликтин кийлигишүүсү болгонбу?

- Аны да ачык айтышыбыз керек. Адахан Мадумаров “Сариев бийликтин кысымы астында добушту жокко чыгарып койду” деп көп жолу айтып келатат. Бул маселе боюнча убагында “Азаттыктын” түз эфирине чыгып, өтпөй калышынын себебин Мадумаровго кенен түшүндүрүп бергем. Мен дагы эле элдин алдында ачык айта алам, бизге “Бүтүн Кыргызстан” партиясын өткөрбөй кой” деп бийликтен эч кандай көрсөтмө болгон эмес, мен аны так кесе айта алам.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG