Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:08

"Саясий туткун: 1991-2002": куугунтук айлампасы


"Саясий туткундар: 1992-2022" сүрөт көргөзмөсү. Бишкек. 8-ноябрь, 2022-жыл.
"Саясий туткундар: 1992-2022" сүрөт көргөзмөсү. Бишкек. 8-ноябрь, 2022-жыл.

8-ноябрда Бишкекте "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө" карата "Саясий туткун: 1991-2002" деген аталыштагы даректүү тасманын бет ачары өттү. Фильм көрсөтүлгөндөн кийин 31 жылдык эгемендик доорунда бийликтин куугунтугуна кабылгандар тууралуу сөз болду.

Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы бийлик куугунтугуна кабылган адамдар тууралуу баяндаган даректүү тасмада бардык бийликтин тушунда кысымга алынып, камалган адамдар тууралуу кеп болот.

Анда туңгуч президент Аскар Акаевдин учурунан тартып бардык бийликтин тушунда камакка алынган саясатчы, активист, журналист жана блогерлер тууралуу өз-өзүнчө баяндалган.

1992-жылы Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүн жетектеп турган учурда президент Акаевдин бийлигине жакпаган иши үчүн камакка алынган Өмүрбек Суваналиев мурдагы бийликтердин тушундагы укук коргоо жана сот тармактарынын кызматкерлеринин иш-аракеттеринде чоң айырма бар экенин билдирди.

"Мен 1992-жылы камалганда биздин укугубузду коргогон укук коргоочулар деле болгон эмес. Анда укугубузду журналисттер коргогон. Мен Коопсуздук кызматынын тергөө абагында он ай жаткам. Бирок мени сот актаган. Анткени ал кездеги соттор үстүнөн канчалык кысым, көрсөтмө болбосун, өздөрүнүн көз карандысыздыгынан кайтчу эмес. Мени 1-инстанцияда актабай, ишти кайра тергөөгө жиберген судья абакка тамак-ашын көтөрүп келип, адилетсиз чечим чыгарганы үчүн кечирим да сурап кеткен. Азыркы кырдаалда бул ойго келбес нерсе. 2006-жылы мен "Бириккен фронт" үчүн кармалып, камалдым. Анда да акталдым".

Суваналиев өзү сыяктуу саясий буйрук менен камалып, кийин акталып чыккан саясатчыларды кармап, камаган күч кызматкерлеринин, соттордун эч кандай жоопкерчиликке тартылбаганы куугунтуктардын уланышына өбөлгө түзүп жатат деп эсептейт.

"Статистика көрсөтүп турат: бизде саясий куугунтукка кабылып, соттолуп, камалгандардын баары акталды. Бирок кийинки бийликтин тушунда. Акталгандан кийин бири да кенемте сураган жок. Анткени алардын баары бийлик менен сүйлөшүп алган. Мына, сүрөттөгү Өмүрбек Текебаевдин камакта отурган кези. Бул киши да акталды. Өзү бир канча жылдан бери мыйзам чыгаруучу органда жүрдү, Жогорку Кеңеште төрага болду. Башкаларга үлгү иретинде "мени мыйзамсыз камап, отургуздуңар" деп сотко берип, кенемте талап кылып, 1 млн. сомду Баткенге которуп койсо болмок. Аны кылбады. Азыркы президент, УКМК төрагасы, мурунку спикер үчөө бийликке келгенден кийин, булар да башкаларга үлгү кылып, өздөрүн соттогон, камаган адамдарды жоопко тартыш керек болчу. "Экинчи мындай адилетсиздик болбойт" деп көрсөтүшү керек эле. Андай да болбоду. Мен сотко бермекмин, бирок мени отургузган адамдардын баары оо дүйнө кетип, бир гана Чолпон Баекова калды. Ал менден өзү үч жолу кечирим сурады. "Аял киши" деп аяп, сотко берген жокмун".

Кыргызстан эгемендик алгандан бери төрт жолу бийлик алмашса, анын үчөө элдик толкундоонун аркасында ишке ашты. Саясатчы Эмилбек Каптагаев мындай бийлик алмаштыруулар аргасыздыктан улам болгонун айтат.

"Ар бир бийлик эл, коом жакшылыктан үмүт үзбөй жашай турганын эске алышы керек. Эл эртең жакшы болот деп күтөт, тилек кылат. Бирок бара-бара ошол үмүтү үзүлүп, аргасыздык пайда болот. Аргасыздык бийликти алмаштырууга алып келет. Бүгүнкү болуп жаткан окуялар, камоолордун арты жакшылыкка алып барбайт".

Каптагаев бийликтен кулатылган президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин башка өлкөдө эркиндикте жүргөнү аз келгенсип, алардын сөз эркиндигине доомат коюп жатканын кейиштүү көрүнүш катары сыпаттады.

"Аскар Акаев бийликтен кеткенден кийин көп интервьюларды берди. Ал өзүнүн президенттиктен куулушуна сөз эркиндигине кенен шарт түзүп бергени себеп болгонун айтып, өкүнүп жүрөт. Бакиевдин "элге жумшактык кылбай, каяша кылгандын баарын камасам болмок экен" деп айтканын угуп жүрөбүз. Менимче, алардын айткандары азыр кандайдыр бир деңгээлде ишке ашып жатат".

Эрнест Карыбеков 2016-жылы март айында "бийликти басып алууга даярданган" деген негизде кармалган беш-алты адамдын бири. Ал экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда абактан бошотулган. Карыбеков камоолордун же саясий куугунтуктун болушуна сөз эркиндигин кыянат пайдалануу да себеп болду деп эсептейт.

"Биз ачык коом курушубуз керек. Коом, мамлекет жана биз интернетте ар кандай идеологияларга, баалуулуктарга сугарылып жатабыз. Саясий маданиятсыздык болуп жатат. Жарандарда, бизде да жоопкерчилик болушу керек. Бийликти сындаганда факты, колдо бар документтер болсо сындаш керек. Элде да жоопкерчилик, маданият болушу керек. Азыркы айрым жаштар эптеп бийликке келиш үчүн оозуна келгенди оттоп жатат. Алар бийликке келсе кантип иштейт? Азыр жалпы ааламда эл аралык укук кризиси, демократия кризиси болуп жатат. Биз байыркы эл катары - ата-бабаларыбыз мамлекетти, элди кантип башкарып келген болсо, ошондой баалуулуктарыбыз менен башкаруубуз керек".

Иш-чарада эгемен Кыргызстандын тарыхындагы саясий куугунтук менен кошо азыркы бийликтин тушундагы камоолор тууралуу да сөз болду. Айрым активисттер бийлик коомчулук менен эсептешпей жатканын белгилеп, диалог куруу аракети жоктугун айтышты.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова учурдагы бийлик жарандык коом жана журналисттер менен байланышты азайтты деп сынга алды:

"Бийликти биз, укук коргоочулар эле канча иш-чарага чакырдык. Бүгүн да президенттик аппаратты, ИИМди, УКМКны чакырдык, келишкен жок. Мен азыр алтынчы президент менен иштешип жатам. Акаев жарандык коомдун өкүлдөрүн чакырып, отчет берип жүрдү. Бакиев деле чакырчу, бир нече жолу жолугуштук. Атамбаев бир эмес, эки коомдук кеңеш түзүп, биз менен алты айда бир жолугуп турду. Эң аз иштеп кеткен Жээнбеков да резиденцияга чакырып, кеп-сөз, сунушубузду угуп жүрдү. Садыр Жапаров келгенден бери укук коргоочуларды бир да жолу чакырып, диалог уюштурган жок. Биздин деле коомдо ордубуз бар да. Сунуш айтып же сынга алгандарга социалдык тармактан жооп бере калчулары бар. Кээде өзү да соцтармактан шилтеп же "Кабар" агенттиги аркылуу жооп берип койгону болбосо, диалог түзүүгө аракет кылган жок. Биздин сунуш-пикирлерибизди аткарбаса койсун, угуп койсо деле болмок", -деди Абдирасулова.

2020-жылы Октябрь окуясынан кийин бийликке келген президент Садыр Жапаров саясий каршылаштарга куугунтук, сөз эркиндигине кысым болбойт деп убада берген.

Быйыл октябрь айынын аягында Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу "Массалык башаламандык уюштурууга" шек саналып, 26 адам кармалып, камалган. Алардын арасында саясатчылар, активисттер, журналисттер жана блогерлер бар. Бул бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын тынчсыздануусун жаратты.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG