Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:53

Кемпир-Абад иши: Абыловду кайра абакка которушту


Мамбетжунус Абылов. 2022-жылдын декабрь айы.
Мамбетжунус Абылов. 2022-жылдын декабрь айы.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакка алынган саясатчы Мамбетжунус Абылов Улуттук госпиталдан кайра тергөө абагына которулду. Бул тууралуу 1-мартта “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Эркин Булекбаев билдирди.

Ал Абыловго операциядан кийин реабилитация болушу үчүн тийиштүү шарт керек экенин, ошондуктан абакка которуу тууралуу чечимге макул эместигин айтты.

Ден соолугу начарлаганына байланыштуу Абылов 10-февралда ооруканага жаткырылган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер 2022-жылдын октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат.

Алардын айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган же ооруканага жатууга уруксат алган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG