Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Кытайдан жүк ташыган айдоочулардын виза маселеси боюнча маалымат берилди


Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» өткөрмө бекети. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» өткөрмө бекети. Архивдик сүрөт.

Кыргызстан Кытай элчилигине виза боюнча электрондук кезекке тургандар үчүн көбүрөөк орун берүүнү өтүнүп жатканын 1-мартта Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Кытайдан жүк ташыган кыргызстандык айдоочулардын виза алуу маселеси ТИМдин өзгөчө көзөмөлүндө турат, ошондуктан жыл башынан бери элчиликтин өкүлдөрү менен бир нече жолугушуу, талкуу өттү.

“Кыргыз тараптын жүк ташуу көлөмү азайып кетишине жол бербөө өтүнүчү боюнча жана кезегин күткөндөр көп болуп жаткандыктан элчилик ишкерлик жана айдоочулук визаларды кайрадан бере баштады. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында визага талапкерлерди кабыл алуу 8 адамдан 60ка чейин көбөйтүлдү. Документтер жумасына үч жолу, ар бир күндө 60ка чейин адамдан кабыл алынууда” деп билдирди ТИМдин басма сөз кызматы.

Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына караганда, былтыр бир жылда кыргызстандык айдоочулар Кытайга 500 виза алган болсо, быйыл жыл башынан бери эле мындай визадан 1000ден ашууну берилди.

1-мартта маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, депутат Алишер Козуев 1,5 айдан бери кезегин күтүп турган айдоочулар бар экенин, 1500 доллар берсе визаны үч күндө алса болорун айтып, өкмөттү бул көйгөйгө көңүл бурууга чакырган. (RK)

XS
SM
MD
LG