Чүй облусунун Сокулук районунда өспүрүмдөр сексуалдык зомбулукка кабылган эки окуяны териштирүүдө мыйзам нормалары сакталбай жатканын 2-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева билдирди.
Ал милиция кызматкерлери жабыркагандар тууралуу купуя маалыматты жайылтып жибергенин, прокуратура органдары тийиштүү көзөмөл жүргүзбөй жатканын айтты:
“Урматтуу башкы прокурор, бүгүнкү күндө Сокулук районунда эки ызы-чуу окуя болуп жатат. Тогуз жаштагы кызга сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттер жасалган окуя боюнча “тергөө купуялуулугу” дегенди биздин Сокулук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрүнө үйрөтүп коюңуздарчы. Же жыйынтык жок, же иш кылынбайт. Акыры элдин баарына жайып… Милиционерлерге ошол балдардын келечегин ойлой турган курстарды өткөрүү керекпи деп калдым. Экинчиси – 2021-жылы 11 жаштагы баланы эки эркек зордуктап кеткен. Эки жылдан бери тергөө чечилбей жатат. Башкы прокуратуранын прокурордук көзөмөлү каякты карап жатат? Ички иштер министрлиги, чоңдордун балдары, неберелери ызы-чуу болсо эле көңүл бурасыңарбы? Элдин баары ушундай суроо берип жатат”.
Чүй облустук милициясынын маалыматына караганда, 11 жаштагы бала боюнча арыз анын атасынан түшкөн, бирок кийин ал кайра тосмо арыз жазгандыктан тергөө токтогон. Жарым жылдан кийин адвокаттан түшкөн арыздын негизинде тергөө уланып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок экспертизанын жыйынтыгы жок деген негизде кайра токтотулган. 28-февралда Сокулук райондук прокуратурасынын көзөмөлүнөн кийин тергөө улана баштаган.
Ал эми тогуз жаштагы кыз боюнча, милиция билдиргендей, тергөө уланууда жана ички иштер органдарынын кызматкерлери өз кызматын мыйзам чегинде жүргүзүүдө.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы аталган иштер боюнча прокуратура көзөмөл жүргүзүп, милициянын мыйзамсыз чечимдерин жокко чыгарганын билдирди.