Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Орусия ракетасынан Запорожьеде көп кабаттуу үй кыйрап, үч киши каза тапты


Талкаланган үй.
Талкаланган үй.

2-мартка караган түнү Украинанын Запорожье шаарында Орусиянын ракеталык чабуулунан беш кабаттуу турак жай жарым-жартылай урап, үч киши набыт болду. Украин полициясы дагы алты киши жаракат алганын билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Запорожье шаарына С-300 зениттик-ракета менен аткыланган. Бир дүрмөт турак үйгө тийгенде 10 батирлик подъезд толугу менен кыйрады. Урандылардын астынан бир нече киши куткарылды. Полиция согуштун мыйзамдарын жана салттарын бузуу беренеси менен тергөө ишин баштады.

1-марттын кечинде орус армиясы Украинанын Полтава облусундагы Кременчуг шаарынын инфратүзүмүнө сокку урганын облус жетекчиси Дмитрий Лунин кабарлаган.

Харьков облусунда жарандык объектилерге үч ракета атылып, жаракат алгандар болду. Мындан тышкары Украинанын аймагына ирандык "Шахид" деген "жанкечти" дрондордон 16 жолу сокку жасалып, алты дронду Украинанын абадан коргонуу системасы атып түшүргөн.

1-мартта Полтава, Сумы сыяктуу Украинанын 10 облусунда аба чабуулу эки ирет эскертилди. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG