Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:26

Кант диабетине чалдыккан балдардын ата-энелери инсулин тартыштыгын чечүүнү талап кылды


Кант диабети менен ооруган балдардын ата-энелери.
Кант диабети менен ооруган балдардын ата-энелери.

Биринчи типтеги кант диабетине чалдыккан балдарга “Левемир” инсулини келбей калганына нааразы ата-энелер 2-мартта маалымат жыйын өткөрүп, бийликке кайрылуу жасашты. 20дай жаран дарыны тез арада алып келүүнү талап кылышты.

“Бала бул инсулинди күнүнө эки маалдан кем эмес алып турушу керек. Азыр ар бир ата-эненин колунда бир же эки айга жете турган запас бар. Ал түгөнгөндөн кийин министрлик башка инсулинге өткөрөрүн айтты. Биз ага макул эмеспиз. Себеби ал инсулин өтө жай таасир берет. Эски жана көп өлкөлөр колдонбой калган инсулин. Менин бир эмес, эки уулумда кант диабети бар, кеч таасир эткен инсулин бизге чоң көйгөйлөрдү жаратат. Алар бала да”,- деди кант диабети менен ооруган баланын атасы Азатбек Жумагулов.

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова 1-мартта “Диабетсиз балалык” коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурхан Жумабаева баштаган ата-энелер менен жолугуп, инсулин маселесин чечүү үчүн бардык аракет көрүлүп жатканын билдирген.

Баатырова инсулин алуу үчүн жылына бюджеттен 192 млн. сом бөлүнөрүн, 2023-жылга карата дары сатып алуу боюнча тендерди тез арада өткөрүү маселеси каралып жатканын айткан. Гуманитардык жардам катары инсулиндин келиши да күтүлүп жатканын кошумчалаган.

Министрдин айтымында, быйыл “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасын түзүп, ал аркылуу инсулин жана башка дары-дармекти арзан баада алуу максат кылынып жатат.

Кант диабетинен жабыркагандар үчүн инсулин тартыш болуп жатканы былтыр Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда кант диабети менен адам 60 миңдей расмий каттоодо турат. Иш жүзүндө алар мындан үч-төрт эсе көп болушу ыктымал.

Кант диабетинин биринчи тибине чалдыккан эки миңден ашык бала бар. (KS)

XS
SM
MD
LG