Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:29

Чет өлкөлүк жаранды мазактаган киши жазага тартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте чет өлкөлүк жаранды чочутуп, мазактаган киши жазага тартылды. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал “Укук бузуулар жөнүндө” кодекстин “Майда бейбаштык” беренесинин негизинде айыптуу деп табылып, 5500 сом айыпка жыгылганын 2-мартта мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Өзүн пранкер деп тааныштырган Асхат Өмүров аттуу киши Бишкектин жер астындагы өтмөлөрүнүн биринде тарткан “Квадраттын ичин тебелегенге болбойт” деген видеосун социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына 20-февралда жарыялаган. Анда Өмүровдун “торуна” түшкөндөрдүн бири англисче сүйлөп жаткан чет элдик экенин көрүүгө болот.

Анын бул жоругу коомчулукта кызуу талкуу жаратып, көпчүлүгү аны айыпташкан. (RK)

XS
SM
MD
LG