Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:09

Блинкен менен Лавров Индияда 10 мүнөт сүйлөштү


Блинкен менен Лавровдун архивдик сүрөтү
Блинкен менен Лавровдун архивдик сүрөтү

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров сүйлөшүү өткөрдү. Башкы дипломаттар Орусия Украинага басып киргенден бери биринчи жолу кездешти. Алар Индияда Чоң Жыйырманын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышууда

Reuters жана The New York Times Мамлекеттик департаменттин өкүлүнө таянып жазганына караганда, сүйлөшүү 10 мүнөткө созулду. Министрлердин жолугушуусу алдын ала жарыяланган эмес.

Америкалык өкүлдүн айтымында, Блинкен АКШ Украинаны колдой турганын кайталап, Орусияны өзөктү куралды чектөө келишимине кайтууга, АКШнын жараны Пол Уиланды бошотууга чакырды.

Reuters агенттиги булакка шилтеме берүү менен Москва жакынкы аралыкта өз позициясын өзгөртүүгө даяр деген белги байкалган жок деп маалымдады.

Лавровдун айткандары тууралуу кабарланган жок. Министр кездешүү тууралуу үн ката элек. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жолугушуу болгонун гана тастыктап, анда толук кандуу сүйлөшүү болбогонун белгиледи.

Чоң Жыйырманын жыйынынын катышуучулары Москва менен Бээжиндин позицияларынан улам Украинадагы согушка байланышкан биргелешкен билдирүү жөнүндө бир пикирге келе алган жок. Документте негизинен экономикалык маселелерге, Украинадан дан азыктарын чыгаруунун маанисине басым жасалган. Индия катышуучулардын көбү согушту айыпташканын билдирди.

Чоң Жыйырма тобуна экономикалары өнүккөн мамлекеттер кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG