Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Next TV кызматкери милицияга суракка чакырылганы кабарланды


Next TV телеканалынын логотиби.
Next TV телеканалынын логотиби.

Next TV телеканалынын кызматкери Тилек Жуматаев Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө суракка чакырылганы кабарланды. Бул тууралуу телеканалдын башкы продюссери Дмитрий Ложников 3-мартта Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Жуматаев күбө катары чакырылган. Бирок суракка чакырылган себеби белгисиз. Бул “айып пулдардын кымбатташына байланыштуу мессенжерлер жана социалдык тармактардагы талкууга тиешеси болушу мүмкүн” деп жазды Ложников.

"1-мартта Тилек үйүнүн тегерегинде аны аңдуулар болуп жатканын билген. Белгисиз адамдар анын туугандарынан Тилекти кантип табууну сурашкан. Алар өздөрүн тааныштырган эмес. Мындай 2-мартта да болгон. Ошондо Тилектин туугандары алардын бирөө Аламүдүн ИИБинин кызматкери экенин айткан”, - деп жазды Ложников.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы бул жагдай боюнча маалымат такталып жатканын билдирди.

Сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргогон эл аралык уюмдар соңку кезде Кыргызстанда эркин басылмаларга кысым күчөгөнүн белгилеп жатышат.

Коррупцияны ашкерелеген иликтөөчү журналист Болот Темиров былтыр өлкөдөн күч менен чыгарылды, Next TV телекомпаниясынын жетекчиси шарттуу түрдө үч жылга соттолду, Kaktus.media басылмасынын жабылышын талап кылгандар пайда болду, “Азаттыктын” сайты бир нече айдан бери бөгөттөлүп турат жана аны жалпыга маалымдоо каражаты катары жабуу аракети көрүлүүдө.

Кыргыз бийлиги соңку окуяларга карабастан өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин байма-бай кайталап келе жатат. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG