Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

Президент Жапаров жол эрежесин бузгандардын жазасын күчөтүүнү колдоду


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров жол эрежесин бузгандарга карата айып пулдардын жогорулашына байланыштуу комментарий берип, мындагы максат бюджетти толтуруу эмес экенин, бул жол кырсыктарын азайтуу чарасы болгонун айтты. Ал бул тууралуу “Кабар” мамлекеттик агенттигине 3-мартта берген маегинде билдирген.

Президент келтирген маалыматка ылайык:

  • 2020-жылы 6 миң 126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болуп, 9 миң 227 адам майып болуп калган.
  • 2021-жылы 7 миң 438 жол кырсыгы катталып, 869 адам каза болуп, 11 миң 370 адам майып болгон.
  • 2022-жылы болсо 7 миң 40 жол кырсыгы катталып, 690 адам каза болуп, 11 миң 49 адам майып болуп калган.
  • Соңку үч жылда 307 бала каза болуп, 5857 бала майып болгон.
  • Ал эми мас абалында айдап жүргөндөрдүн кесепетинен үч жылда 1347 жол кырсыгы катталып, 157 адам каза болгон. 2020-жылы 467 кырсык катталып, 62 адам каза болуп, 451 адам майып болуп калган.
  • 2021-жылы 458 кырсык катталып, 56 адам каза болуп, 768 адам майып болуптур. 2022-жылы 422 кырсык катталып, 39 адам каза болуп, 1961 киши майып болгон.

Президент мындай жол кырсыктарынын катталышына себеп катары соңку 30 жылда айдоочулук күбөлүктөр сатылып, белек катары берилип келгенин атаган. 2020-жылдан тарта мындай мыйзамсыз иштер токтотулганын билдирди.

“Тескерисинче, “эки-үч эмес, беш эсе көтөргүлө” деп чыгыш керек эле, көпчүлүк эл. Себеби жогоруда мен айтып өткөн майып болуп калган адамдардын көпчүлүгүн мындан ары мамлекет багабыз. Тагыраагы, элдин эсебинен багабыз. Жөлөкпулдар берилип жатат. Бакканын го мейли, багабыз. Көп адамдарыбыз каза болуп кетип жатпайбы, ошол жагы өкүнүчтүү”, - деген президент.

Президент адам өмүрүнүн коопсуздугу үчүн "үч жолу эреже бузгандар кайра экзамен тапшырат" дегенди толук колдоо керектигин кошумчалады.

Кыргызстанда 8-марттан тартып айрым жол эрежесин бузгандарга жазалар күчөтүлдү. Ички иштер министрлиги билдиргендей, мас абалында рулга отургандар бир жылдан үч жылга чейин айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. Айдоочулук күбөлүгү жок машина айдагандар жети күнгө камалып, бир жылга рулга отуруу укугунан ажыратылат. Бир катар жол эрежесин үч жолу кайталап бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшырууга жөнөтүлөт.

Жол эрежесин бузгандарга чараларды катаалдатууга каршы пикирлер социалдык тармактарда айтылып, бул маселе парламентте да көтөрүлдү. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG