Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

Блинкен Шинжаңдагы мусулмандардын абалына тынчсыздануусун билдирди


Энтони Блинкен. Архивдик сүрөт
Энтони Блинкен. Архивдик сүрөт

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен БУУнун Адам укуктары кеңешинде сүйлөгөн кезинде Кытайдагы мусулман азчылыктарга жасалган мамилеге тынчсыздануусун билдирди.

“Кытайдын Шинжаң аймагындагы уйгурларга жана башка мусулман азчылыктардын өкүлдөрүнө каршы жасалып жаткан геноцидге, адамзатка каршы жасалган кылмыштарга терең тынчсызданабыз. Адам укуктары боюнча Жогорку комиссардын кеңсеси өткөн жылы чыгарган баяндамада Кытай Шинжаңда олуттуу мыйзам бузууларга барып жатканы, анын ичинде уйгурлардын жана башка мусулман жамааттарынын өкүлдөрүн жапырт жана туш келди эркинен ажыратуу, кыйноолор, сексуалдык жана гендердик зомбулук тууралуу айыптоолор тастыкталган", - деп айтты министр Женевада өтүп жаткан жыйындагы онлайн сөзүндө.

Бээжин БУУнун, укук коргоочу уюмдардын жана Батыштын дооматтарын четке кагып келет.

Блинкен өз сөзүндө Орусиянын Украинадагы адам укуктарын бузганын иликтөө үчүн БУУнун мандаты менен комиссия түзүүгө чакырды. Вашингтондун жогорку өкүлү Ирандагы адам укуктарынын абалын, Ооганстандагы талибдердин кыз-келиндерди куугунтуктоосун да сындады.

Бейшембиде ушул эле жыйында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев сөз сүйлөдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG