Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Жол эрежесин бузгандарга айып пул көбөйдү. Кырсык, коррупция кыскарабы?


Чүй облусу. Февраль, 2022-жыл.
Чүй облусу. Февраль, 2022-жыл.

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарга карата жазаны катаалдаштырды. 8-марттан тартып мас абалында рулга отургандар бир жылдан үч жылга чейин айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. Айрым депутаттар жаңы эрежелер жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлеринин арасында коррупцияны ого бетер күчөтөрүн айтып чыкты. ИИМ коррупцияга жол берилбейт деп ишендирүүдө.

Укук бузуулар тууралуу кодекстин 193-беренеси боюнча азыр мас абалында унаа айдагандарга 17,5 миң сом өлчөмүндө айып салынып же коомдук жумуштарга тартылып келет. 8-мартта күчүнө кире турган мыйзамда мындай учурда унаа башкаруу укугунан бир жылдык мөөнөткө ажыратуу каралган.

Эгер айдоочу бул жорукту экинчи кайталаса, автоунаасы убактылуу алынып, өзү үч жылдык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажырайт.

Мурда айдоочу мас абалында жол кырсыгына кабылып, бирок кылмыштын курамы жок болгон учурда 20 миң сом айып пул салынып же беш суткага камалган. Жаңы киргизилип жаткан мыйзамдарга ылайык айдоочулук күбөлүгү жок машина айдагандар жети күнгө камалып, бир жылга рулга отуруу укугунан ажыратылат.

Бул өзгөртүүлөр жол кырсыктарын алдын алуу максатында киргизилип жатканын иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев парламентте билдирген. Анын айтымында, айып пул көбөйгөнү менен мас абалында рулга отургандардын саны азайган жок.

Нурбек Абдиев.
Нурбек Абдиев.

“Буга чейин мас айдоочулардын айып пулу 17 миң 500 сомго чейин көтөрүлгөн. Бирок ошого карабастан кайра эле ичип алып машина айдап жатышат. Кескин азайбай жатканынан айдоочулук укугунан бир жылга ажыратуу боюнча ушул мыйзамды сунуштаганбыз. Бул жарандардын өмүрүн сактап калууга, жол кырсыгын азайтууга мүмкүнчүлүк берет деп ойлойбуз”.

Ички иштер министрлиги билдиргендей (ИИМ), Кыргызстанда былтыр милициянын колуна түшкөн мас айдоочулардын саны 13 миңден ашкан. 2021-жылы бул көрсөткүч 12 миң болгон.

8-марттан тартып үч жолу жолу кайталап жол эрежесин бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшырууга жөнөтүлөт. Алар:

  • Номурун атайын жаап алгандар, бир жагына такпай койгондор;
  • Милициянын машинени токтотуу талабын аткарбагандар;
  • Ылдамдыкты ашырып айдагандар;
  • Жарык берүүчү жана сирена менен бара жаткан кызматтык унааларга жол бербегендер;
  • Каршы тилкеге чыгуу менен озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузгандар;
  • Эгерде айдоочунун аракетинде кылмыштын белгилери жок болсо, адамдын ден соолугуна зыян келтирүү менен жол эрежесин бузгандар;
  • Машинесин мас абалындагы же рулга отурууга укугу жок адамга бергендер.

Кабыл алынган мыйзамда камтылган нормаларга ылайык айрым эрежелерге айып пулдун көлөмү дагы көбөйдү. Көрсөтүлгөн нормадан саатына 40-60 чакырымга катуу айдаса 7 500 сом (учурда 5 500 сом), 60тан ашырса 15 000 сом (учурда 7 500 сом) айып пул салынат.

  • каршы тилке менен айдоого 15 миң сом айып (учурда 5 500 сом);
  • ээнбаштык кылгандар 15 миң сом төлөйт (учурда 7 500 сом);
  • Айып пулдарды 70% жеңилдик менен төлөө мөөнөтү 15 күндөн бир айга узартылат;
  • автоунаасына этикага туура келбеген, мыйзамыз аракеттерге чакырган адаттан тыш жазууларды, сүрөттөрдү жабыштыргандарга 5 500 сом айып салынат.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бул норма жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн милиция кызматкерлеринин арасында коррупцияны ого бетер күчөтөрүн айтып чыкты:

"Айып пул салганга карабай эрежени бузгандар көбөйүп жатат. Мен муну колдойт элем, эреже бузгандардын күбөлүгүн алыш керек. Бирок бизде коррупция чоң болуп жатпайбы. Эми статистика үчүн бир кишини кармап протокол түзөт, экинчи кишиден 200-300 долларды алып чөнтөгүнө салат. Статистика кыскарат, биз "жакшы, иш болуп жатыптыр, мас абалындагы айдоочулар азайды" деп калабыз. Бирок андай болбойт да, Кыргызстанда кандай болорун биз билебиз да. Ар бир экинчи кишиге протокол түзсөң иштеп жаткандай көрүнөсүң, акча дагы табасың. Ошондуктан биринчи жолу 50 миң сом айып салып, кийинкисине күбөлүктү алса болот", - деди Бекешев.

“Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин төрайымы Чынара Касмамбетова эрежелерди татаалдашырып жатканын колдогону менен бул тармактагы коррупциялык тобокелчиликтер жоюла элек деген пикирде.

Чынара Касмамбетова.
Чынара Касмамбетова.

"Мас абалында машине айдагандар азайган жок. Айып пулду төлөп коюп эле кайра рулга отуруп жатышат. Ошондуктан ушундай шартка барып жатышат деп ойлойм. Бирок коррупциялык тобокелчилик кала берет. Ушул тармакта ал аябай көп, жоюлган эмес жана кеңири жайылган. Аны жоюу да кыйын, азыр ар бир айдоочу коррупцияга барат. Буга чейин деле айдоочулар күбөлүгүн алып коет деп бергенден коркушчу. Алар жөн гана убара болгондон, барып бардык жол-жободон өтүшүм керек деп документин карматуудан коркуп турушат эле. Эми көптөгөн шопурлар сүйлөшкөнгө аракет жасайт. Экинчи жагынан, анча-мынча ичимдик иче коюп рулга отургандарды тыят деп эсептейм. Бизде буга чейинки мыйзамдар деле жакшы. 17,5 миң сом айып пул деген деле татаал чара болчу, бирок ошондон кутулуп кеткен учурлар деле болгон да", - деди Касмамбетова.

ИИМ коррупцияга жол берилбей турганын айтып, ишти мекеменин өздүк коопсуздук кызматы, прокуратура, УКМК, жарандык коом өкүлдөрү көзөмөлдөп турат деп ынандырып жатат.

Буга чейин Ички иштер министрлиги оң рулдуу автоунааларды такси кызматына пайдаланууга тыюу салуу тууралуу токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Ага ылайык, оң рулдуу автоунаалар коммерциялык максатта жүргүнчү жана жүк ташый албайт. Демилгечилер чектөө жол кырсыктарынын алдын алуу максатында киргизилип жатат деген жүйө келтиришкен.

Ошондой эле токтомдо үч категориядагы автоунааларга ылдамдыкты чектөөчү жабдуу коюу каралган. Ага ылайык, автобустар, 8ден ашык орундугу бар автоунаалар, 3,5 тоннадан 12 тоннага чейин жүк ташууга ылайыкташкан жана 12 тоннадан ашык жүк ташуучу автоунааларга ылдамдыкты чектөөчү жабдуулар орнотулат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери мас айдоочуларды жашырган фактылар аныкталган учурлар катталган. Башкы прокуратура былтыр мас болуп жол кырсыгына кабылган айдоочунун иши жаап-жашырылганын жарыялаган. Кырсык “Укук бузуулардын бирдиктүү реестрине” төрт ай өткөндөн кийин гана катталганы белгилүү болгон. Ысык-Ата районунда медицина кызматкерлери мас айдоочулардын анализин алмаштырып койгон деп шек саналууда.

Кыргызстанда былтыр жол кырсыктарынан 500дөй адам набыт болду. Анын ичинде 80ге чукулу бала. 7888 киши, анын ичинде 1672 бала түрдүү жараат алышкан. Жол кырсыгында набыт кеткендердин 70% 25тен 40 жашка чейинки курактагылар.

ИИМдин маалыматына караганда, авариялардын 92,4% айдоочулар күнөөлүү. Мас абалында кырсыкка кабылгандардын өзүнчө статистикасы жок. Бирок жергиликтүү медиада мындай учурлар байма-бай чагылдырылып турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG