Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:29

24.kg агенттигинин журналисти УКМКга сурак берип чыкты


 Red Centre бизнес борбору.
Red Centre бизнес борбору.

2-мартта 24.kg маалымат агенттигинин журналисти Анастасия Мокренко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине сурак берип чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган басылманын жооптуу редактору Махинур Ниязова маалымдады.

"Аны кечээ УКМК 20-январда биздин агенттик жайгашкан Red Centre бизнес борборунда, шаардагы айрым мектептерде бомба коюлду деген каттан улам күбө катары суракка чакырды. 20-январда биздин электрондук почтага имаратка бомба коюлганы тууралуу кат келген. Суракка чакырылган журналист электрондук почтага жооптуу болчу. Бизге алдын ала билдирүү жибербей эле УКМК кечээ чакырып, адвокаты жок эки сааттай суракка алды", - деди Ниязова.

20-январда саат 102 кызматына Бишкектин борборундагы Red Centre бизнес борборунда бомба бар экени тууралуу маалымат түшкөн. 24.kg агенттигине да электрондук почта менен кат келип, кызматкерлер имараттан эвакуацияланган.

Ушундай эле кат "Элдик медиа" , "Вечерний Бишкек", Kaktus.media сайтына да келген. Алар да отурган имараттан эвакуацияланган.

Кыргызстанда "бомба коюлду" деп жалган маалымат тараткандарга Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси, тактап айтканда, "Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо" айыбы боюнча кылмыш иши козголот. (BCh)

XS
SM
MD
LG