Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бишкек шаарында алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз жасап чыгарган цехтер аныкталганын билдирди.
Текшерүү 3-мартта Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик менен бирге жүргүзүлгөн.
Атайын кызматтын басма сөз кызматы 6-мартта билдиргендей, Бишкек шаарынын жана Чүй облусундагы жашыруун цехтерден күмөндүү акциздик маркалары бар жана маркасы жок 12 миң бөтөлкөдөн ашык алкоголдук ичимдиктер алынды.
Андан тышкары 4 миң таңгактан көп күмөндүү акциздик маркалар, алкоголдук ичимдерди чыгарган машиналар жана башка шаймандар болгон. Табылган ичимдиктердин жана акциздик маркалардын базар баасы болжол менен 3 миллион сомду түзөт.
УКМК жашыруун цехтердин алкоголдук ичимдиктерди чыгарууга лицензиясы, сертификацияланган жабдуулары жок экенин, шарты талаптарга жооп бербей турганын белгиледи. Ошондой эле “күмөндүү чийки заттар пайдаланганын, бул факторлор элдин саламаттыгына олуттуу таасир эте турганын” билдирди.
Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктер жана тамеки идентификациялоо каражаттары милдеттүү түрдө маркаланышы керек.
Күмөндүү акциздик марка менен алкоголдук ичимдиктерди чыгарган жашыруун цехтер маал-маалы менен аныкталып келет.
Быйыл январда Салык кызматы товарлардын мыйзамдуулугун жана сапатын текшерген "Текшер" тиркемесин ишке киргизген. Бул тиркеме менен жарандар товарларды анын кодун сканерлөө аркылуу текшере алат. (TAb)