Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

Кыргызстанда алгачкы жолу сурдокотормолуу көркөм тасма чыкты


“Келин темир эмес” тасмасы. 06.03.2023-ж.
“Келин темир эмес” тасмасы. 06.03.2023-ж.

Кыргызстанда биринчи жолу сурдокотормо менен коштолгон толук метраждуу көркөм тасма жарык көрдү.

“Келин темир эмес” деп аталган комедия жанрындагы бул тасма угуу жана сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жергиликтүү кинотеатрлардан көрүүгө ылайыкташып тартылган.

Сурдокотормо - бул майыптыгы бар адамдарга колдун жана манжалардын кыймылы менен кепти түшүндүрүү ыкмасы.

"Келин робот эмес" аталышындагы тасманын бет ачары. 06.03.2023-ж.
"Келин робот эмес" аталышындагы тасманын бет ачары. 06.03.2023-ж.

“Келин темир эмес” көркөм фильминин бет ачары 6-мартта Бишкектеги “Октябрь” кинотеатрында өттү. Анда кайнене менен келин темасы көтөрүлүп, күнүмдүк кыргыз турмушу чагылдырылган.

Үй-бүлөлүк комедияда үч уулу бар эне келиндерин жемелеп күн көрсөтпөйт. Уулдары апасы менен аялдарынын ортосундагы мамилени жөнгө салуу ниети менен үйгө робот келин алып кирүүнү чечишет. Бирок алар бул үчүн чыныгы роботту алып келбей, театрда иштеген актрисаны жалдашат.

Тасмага Сапар Сайнааров режиссерлук кылып, сценарийин "БурИс" мүмкүнчүлүгү чектелген чыгармачыл адамдарды колдоо коомдук фондунун негиздөөчүсү Нишана Жээналиева менен биргеликте жазышкан.

Уюштуруучулардын айтымында көркөм фильм 7-марттан тарта өлкөдөгү бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG