Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Бахмутта төрт миңге жетпеген тургун калды, алардын 38и балдар


Бахмут шаары.
Бахмут шаары.

Орусия ачкан согушка чейин 70 миңден ашык эл жашаган Украинанын Бахмут шаарында азыр төрт миңге жетпеген тургун калды. Алардын 38и балдар.

Бул тууралуу 7-мартта -Убактылуу оккупацияланган аймактарды реинтеграциялоо боюнча министр Ирина Верещук телемарафондо билдирди.

Согушка чейин бул калаадагы тургундардын 12 миңи балдар болгон.

Донецк облусундагы бул шаар дээрлик жарым жылдан бери салгылашуунун чордонуна айланды. Президент Владимир Зеленский шейшемби күнү Бахмут шаарын коргоого убада берип, Орусия акыркы бир суткада бул калаага жаңы чабуулдарды баштаганын айтты.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын 7-марттагы баяндамасында орус аскерлери Купянск, Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Шахтер багыттарында чабуулду күчөтүп жатканы дагы бир жолу айтылды.

Британ чалгын кызматы күнүмдүк баяндамасында согуш эки тараптын тең шайын оодарганын жазды.

XS
SM
MD
LG