Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:38

Германияда тажик жараны “ИМ” тобун каржылаган деп айыпталууда


Немис полициясы.
Немис полициясы.

Германиянын Гамбург шаарында 29 жаштагы тажикстандык жигит "Ислам мамлекети" террордук тобун каржылаган деп айыпталууда.

Шаардык прокуратуранын корутундусунда анын аты-жөнү аталган эмес. Тажик жараны 2020-жылдын башынан бери "Ислам мамлекети" тобунун Сирияда жана Иракта камакка алынган мүчөлөрүнө колдоо көрсөткөн башка донорлор менен байланышта болгону белгиленген.

Hamburger Abendblatt басылмасы жазгандай, анын максаты "Ислам мамлекети" тобунун өлтүрүлгөн мүчөлөрүнүн жесирлери менен жетим калган балдарына, абактагы аялдарга колдоо көрсөтүү болгон.

Ал Мекленбург федералдык штатында жашайт. Германияда күнөөсүздүк презумпциясы соттун чечими күчүнө киргенге чейин иштегендиктен, камакка алынган эмес. Эгер күнөөсү далилденсе, жергиликтүү мыйзамдарга ылайык, ал 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Тажикстан бул маалыматка комментарий берген жок.

"Ислам мамлекети" тобу дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда террордук деп табылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG