Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Садыр Жапаров лидер аялдарды сүрөөдө кескин чараларды убада кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоо жолдоду. Анда аялдар мамлекеттик өнүгүүсүнө кошкон салымы чоң экенин белгиледи жана башкаруудагы ролун арттыруу жаатында кескин чараларды убада кылды.

"Кыргызстан айымдары өлкө келечеги болгон жаш муундун мыкты тарбиячысы, үй-бүлөнүн куттуу очогу эле болбостон, коомдук-саясий абалга да батыл аралашып, мамлекеттин өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп келет. Аял лидерлерди алдыга сүрөө жана колдоо максатында алардын мамлекеттик башкаруудагы ролун арттыруу саясатында кардиналдуу чаралар көрүлөрүн белгилеп кетейин",-деп жазылган куттуктоодо.

Учурда кыргыз өкмөтүнүн курамында, башкаруу органдарында жана Жогорку Кеңеште аялдардын саны кескин азайганына байланыштуу сын-доомат айтылып келет.

Соңку кездери өлкөдө кыз-келиндерге карата зордук-зомбулук көбөйүп, үрөй учурган, адам өлүмү менен бир катар окуялар катталды.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык уюму соңку баяндамасында, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жаатында маанилүү кадамдар жасалганы менен, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук фактыларынын көбү сотко жетпей, жабылып калып жатканы сөз болду. Алар сот адилеттигине жетүүдө көптөгөн тоскоолдуктар бар экени, баш калкалоочу жайлар жетишсиз болуп жатканын белгилеген.

XS
SM
MD
LG