Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Февраль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Ооганстанда кыз-келиндер арасындагы жумушсуздук 25% өстү


2021-жылдын августунан бери талибдер башкарган Ооганстанда аялдардын жумушсуздугу 25% өскөнүн Эл аралык эмгек уюму 7-мартта билдирди. Ошол эле мезгилде эркектердин жумушка орношуу көрсөткүчү 7% кыскарды.

"Талибан" бийликке кайтып келгенде адам укуктарын сактоого бир катар убадаларды берген. Бирок адистер акыркы аракеттер кыймыл диктатуранын режимине кайтып баратканын көрсөтүп турарын белгилешүүдө.

Акыркы кездери бул өлкөдө кылмышка айыпталгандарды эл алдында жазалоо, өлүм жазасына тартуу, балак уруу учурлары көбөйгөн.

Кыз-келиндердин билим алышына, иштешине, ээн-эркин басып-турушуна тыюу салынып жатат. Өлкөдө гуманитардык кризис күчөп, элди ачарчылык, кедейчилик торуган.

"Талибан" кыймылы көп мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда экстремисттик деп табылган. Алардын Ооганстандагы бийлигин эл аралык коомчулук тааныбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG