Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Жер мунапысы: Үйү түрттүрүлгөн келин, президенттин убадасы


Марал Шаболотова балдары менен бузулган үйүнүн короосунда отурат. Сүрөт 3-мартта тартылган.
Марал Шаболотова балдары менен бузулган үйүнүн короосунда отурат. Сүрөт 3-мартта тартылган.

5-мартта президент Садыр Жапаров Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушуна барып, үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган келиндин абалы менен таанышты.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаров бул кабар коомчулукта чоң резонанс жараткандыктан, мамлекет башчы маселени жеринде териштирүүнү чечкенин билдирди.

"Аялдын үй-бүлөсү жер тилкесин он жылдай мурун ишеним кат менен сатып алып, салган үйдө жолдошу жана жашы жете элек төрт баласы менен жашап келген. 2017-жылы, мораторий маалында ушул эле тилкеге башка тараптар Кызыл китеп алышкан. Соттук органдар аялдын курулушун мыйзамсыз деп таап, аны бузуу чечимин кабыл алышкан. Абийирсиз тараптардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында бул сыяктуу көйгөй көпчүлүк жарандарда болууда. Президент Жапаров териштирүү жүргүзүү жана бардык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берди", - деп жазды Султанбаев Фейсбукка.

"Азаттык" биринчилерден болуп үйү бузулуп, балдары менен көчөдө калган Марал Шаболотова тууралуу материал даярдаган. Келин үйү турган жерди 2012-жылы ишеним каттын негизинде сатып алганын, бирок 2018-жылы коңшусу Толкун Самудинова Кызыл китеби бар экенин айтып, андан үй турган жерди талаша баштаганын билдирген. Чыр 2022-жылдын 1-октябрында Жогорку Сотко жетип, анда Самудинованын пайдасына өкүм чыккан.

Самудинова бузулган үй турган жер ага караштуу экенин айтып, 2013-жылы Сокулуктун Новопавловка айыл өкмөтү ага жерге ээлик кылганын ырастаган чечим чыгарып бергенин, 2017-жылы колуна Кызыл китеп тийгенин билдирген.

Ак-Ордонун айрым тургундары 3-мартта үй түрттүрүлгөн жерге чогулуп, бийлик өкүлдөрүнөн окуяны мыйзамдын негизинде адилеттүү териштирүүнү талап кылган.

Султанбаев жарыялаган видеодо президент Садыр Жапаров өзү менен чогуу барган башкы прокурор Курманкул Зулушевге тапшырма берди:

"2017-жылы ким кызыл китеп алган болсо мораторий маалында аны берген кишини дагы, Мамлекеттик каттоону, азыр депутат деп атпайбы, депутат экенине карабай чечкиле. Бул 15 жылдан бери мафиялашып кеткен. Милиция, сот, прокурорго да берет, алар калкалап келген. Бул бүгүн эле башталган эмес, илгертен бери келаткан ызы-чуу. Эч кимге карабай жоопко тартасыз", - деди мамлекет башчы.

Квартал башчысы Мирбек Осмонов чогулган эл кызыл китеп ала албай жатканы тууралуу маселе көтөргөнүн айтты.

"Жер ээлери тоскоолдук жаратып, ошонун негизинде жер мунапысы боюнча чыккан токтомдун 27-пунктундагы "жер жеке менчикке ээлеринин макулдугу аркылуу берилет" деген жерин жокко чыгарып берүүнү өтүнүштү. Президент ошол жерден эле токтомдогу ушул пунктту жокко чыгарып, жер тилкелерин мыйзамдаштыруунун жолдорун караштырууга тапшырма берди. Андан сырткары жогорку чыңалуудагы электр энергиясы өткөн тилке тууралуу да маселе козголду. Үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган келинге өзүнүн атынан Бишкектен батир берүүнү убада кылды",- деди Осмонов.

Жогорку сот Бишкектеги төрт баласы менен көчөдө калган келинге байланыштуу комментарий берип, соттун бардык инстанцияларында ал келин үйдү мыйзамсыз куруп алганы анык деген чечим чыкканын, сот аткаруучулар 1-мартта үйдү бузуу тууралуу чечимди аткарганын билдирген.

Марал Шаболотованын жашоосу тууралуу "Азаттыктын" 3-мартта даярдаган макала, видео баяны:

Ак-Ордо: төрт баланы көчөдө калтырган жер талаш
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:33 0:00

Марал Шаболотованын айтымында, үйү турган жерди 2012-жылы ишеним каттын негизинде сатып алган. Бирок 2018-жылы коңшусу Толкун Самудинова кызыл китеби бар экенин айтып, андан үй турган жерди талаша баштаган. Чыр былтыркы жылдын 1-октябрында Жогорку Сотко жетип, иш Толкун Самудинованын пайдасына чечилген.

"Жашап аткан үйүмдү кошунам түрттүрүп салды. Жогорку Сот 2022-жылдын 1-октябрында чыгарган чечимди сот аткаруучулар ишке ашырды. Үйдү түрттүрүп жатканда жолдошум ооруканада, мен жумушта элем. Үйдө беш жана үч жаштагы эки баламды пенсиядагы апам карап калган. Апам "кое тургула, кызым келсин" деп суранган экен. Ага карабай эшикти талкалап киришип, апамды сүйрөп чыгышыптыр. Мен жумуштан жетип келсем, тамдын бир эле бөлмөсү калыптыр. Азыр ким "менин үйүмө түнөп кет" десе, ошол жерде жашап атабыз, күндүз ушул жерде эле күнүбүз өтөт. Улуураак эки балам окууга бара албай калды. Буга чейин үй турган жерге мунапыс алуу үчүн документ топтогом. Айыл өкмөткө тапшырсам, "аз күндө колуңа кызыл китеп тиет" дешкен".

Марал Шаболотова
Марал Шаболотова

Ал Бишкектин жака белиндеги Ак-Ордо конушундагы төрт сотых жерди 2012-жылы жеке колдон сатып алып, бир жылдан кийин эки бөлмөлүү үй тургузган. Бирок соңку беш жылдан бери коңшусу менен жер талашып, соттук териштирүүлөр жүрдү.

Сотто утуп алган Толкун Самудинова бузулган үй турган жер ага караштуу экенин айтууда. Анын белгилешинче, 2013-жылы Сокулуктун Новопавловка айыл өкмөтү ага жерге ээлик кылганын ырастаган чечим чыгарып берген, 2017-жылы колуна кызыл китеп тийген.

Ак-Ордонун тургундары ур-тепкиге алган Толкун Самудинова.
Ак-Ордонун тургундары ур-тепкиге алган Толкун Самудинова.

"Талашка түшкөн бул жер трансформация болгонун билбей, түшүнбөй жатат, жер айыл чарба багытында эмес. Мага беш жолу атайы комиссия келип текшерип, топосъемка да жасаган. Жер алуу үчүн 2005-жылдан бери айыл өкмөттө кезекте туруп, 2009-жылы Марал Шаболотова талашып аткан жер мага тийген болчу. Өзүм жашаган үй күйөөмө таандык жерде турат, себеби ал да ушул жерди кезекке туруп алган. Ошол жылдары таанышканбыз. 2017-жылы жерге кызыл китеп алдым. Меники бардык жагынан мыйзамдуу. Марал менен бир пикирге келип, сүйлөшүүгө аракет кылдым. Үй сала баштаганда мыйзамсыз экенин эскерткем, уккан жок. 10 миң доллар берейин, жерди бошотуп бер дегениме да көнбөдү. Мен бул жерди сатып, башка жакка кетем".

Сокулук райондук кадастр филиалынын башчысы Айтмамат Шоруков "Азаттыкка" үй бузулган аймак трансформация болгону азырынча белгисиз экенин, бирок Самудинованын колундагы кызыл китепте "айыл чарба багытындагы жер" деп жазылып турганын билдирди. Ал маселенин чоо-жайын дагы аныктай турганын айтты.

Ак-Ордодо жер мунапысы боюнча нааразылыгын билдирип чогулган эл.
Ак-Ордодо жер мунапысы боюнча нааразылыгын билдирип чогулган эл.

Ак-Ордо конушунун айрым тургундары 3-мартта үй түрттүрүлгөн жерге чогулуп, бийлик өкүлдөрүнөн окуяны мыйзамдын негизинде адилеттүү териштирүүнү талап кылышты.

Эл чогулган жерге Сокулук районунун милиция башчысы, район акими Курбанбек Айтибаев, Сокулук районунун кадастр филиалынын башчысынын милдетин аткарып турган Айтмамат Шоруков келди.

Топтолгон эл квартал башчысы Тилек Койбагаровду "жер сатуу мафиясына аралашкан" деген жүйө менен ташбараңга алмай болгондо аны милиция куткарып кетүүгө үлгүрдү.

Чогулгандар ошондой эле соттон жеңип чыгып, кошунасынын үйүн сот аткаруучуларга түрттүргөн Толкун Самудинованы да ур-тепкиге алышты. Ал жашаган үйгө кирүүгө аракет кылышканда милиция токтотуп калды.

Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев.
Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев.

Район акими Курбанбек Айтибаев чогулгандарды тынчтандырып, бардык маселени мыйзам чегинде чечүүгө аракет кыларын, ага чейин көчөдө калган үй-бүлөгө убактылуу жашап туруу үчүн контейнер берилип, электр жарыгы менен сууну калыбына келтирүүнү убада кылды.

Чогулгандардын бири Мирбек Осмонов президент Садыр Жапаровдун жер мунапысы жөнүндө жобосу чыккандан бери жер саткандардын "соодасы" кызып, мындан улам коррупция күчөгөнүн "Азаттыкка" айтып берди.

Мирбек Осмонов.
Мирбек Осмонов.

"Убагында жер саткычтар ынтымакташып иштеп, ортомчулар аркылуу 10-15 гектар жер менчикке өтүп кетти. Маселенин баары ошондо жатат. Себеби, дал ошол адамдар элге ишеним кат менен жер саткандан кийин мурда өзү иштешкен ортомчуларды жокко чыгарып, жер алгандарга "сага мен саткан эмесмин" деп танып жатышат. Алар "ким ишеним кат берсе, ошондон сурап ал" дегенге чейин барышууда. Айласы кеткендер тамы салынып калган жердин башын бошотуп алуу үчүн аларга 500-1000 доллар чейин берип, камактан чыгарып, кээси кайрадан сатып алууга аргасыз болууда. Чоң коррупцияга жол ачылды, жер мунапысына байланыштуу жободо "жеке менчик ээсинин каалоосу менен" деген бөлүк элди кыйнап атат. Ортомчуларын жокко чыгарган көк китептин ээлери ортодон акча жасап, ансыз да кыйналган элдин жонунан кайыш тилүүдө. Азыр 15 миң түтүн жашаган Ак-Ордо боюнча болгону 300гө жетпеген киши кызыл китеп алды. Мындай көрүнүш улана берсе, эл толкуйт".

Үй түрттүрүлгөн учурда Маралдын үйдө калган үч жана беш жаштагы баласы катуу коркуп калган.
Үй түрттүрүлгөн учурда Маралдын үйдө калган үч жана беш жаштагы баласы катуу коркуп калган.

Элдин мүлкүнө кызыл китеп берүүнү тездетүү талабын айткан тургундар Сокулук районунун акимине тилкат жаздыртып алды. Анда аким жерлерди мыйзамдаштырууга активдүү катышып, элдин колуна документ берүүге аракет кылуу милдетин алган.

Үйсүз калган Марал Шаболотовага коңшулары акчалай жардам чогултуп, ашар жолу менен ошол эле жерге үй салып берүүнү көздөп атышат. Банктык эсеп ачышып, элден да жардам сурай турганын билдиришти.

"Азаттык" бул окуянын жүрүшүнө мындан ары да көз салып турмакчы.

Үйү түрттүрүлгөн учурда жумушта болгон Марал үй ичиндеги буюм-тайымын толук чыгарып кеткенге үлгүргөн эмес.
Үйү түрттүрүлгөн учурда жумушта болгон Марал үй ичиндеги буюм-тайымын толук чыгарып кеткенге үлгүргөн эмес.

Жер мунапысына байланыштуу нааразы тараптар буга чейин да чогулган. Бишкектин четиндеги Өскөн-Ордо конушунун тургундары февраль айынын экинчи жарымында Чүй облустук адмиинстрациясынын алдына, 2-мартта Башкы прокуратуранын алдына акцияга чыгышкан. Анда алар кызыл китеп берүү боюнча тизмеде белгисиз адамдардын да аты-жөнү тизмеге илингенин айткан болчу.

Жер мунапысынын таржымалы

Кыргызстанда былтыр жарыяланган жер мунапысы алкагында 546 гектар жер трансформация болгонун айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов 22-февралда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып билдирген.

Анын айтымында, жалпысынан 89 миңден ашуун арыз түшкөн, аларды райондук акимчиликтерде түзүлгөн атайын комиссиялар карап жатышат. Соңку маалымат боюнча, 12 миң 441 техникалык паспорт берилди.

2021-жылдын 18-ноябрында Бишкектин четиндеги конуштардын биринде жашаган тургундар өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгып, жер тилкелерин мыйзамдаштырууну талап кылышкан. Алар менен жолуккан президент Жапаров тийиштүү адистер менен иш жүргүзүлүп жатканын, бул процессти 2022-жылдын 1-апрелине чейин жыйынтыктоо керектигин белгилеген жана мындан ары жер басып алгандар жоопко тартыларын айткан.

Натыйжада “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” деген мыйзам ошол жылдын 17-мартында Жогорку Кеңеште кабыл алынып, 5-апрелде ага президент кол койгондон кийин күчүнө кирген. Мыйзам 2021-жылдын 1-декабрына чейин үй салынып калган жер тилкелерин камтыйт.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, жер мунапысы алкагында 142 миң 337 тилке, башкача айтканда, 29 миң 872 гектар жер трансформация болору каралган.

Кыргызстан боюнча миңдеген гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен чынында там салынып, конуштар пайда болгон. Алардын көбүн 2010-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен.

Мындан тышкары Кыргызстанда 2021-жылы 15-августта "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган.

XS
SM
MD
LG