Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

Тилектештик маршы “Эркин кыз. Эркин Кыргызстан” урааны менен башталды


Жүрүштүн катышуучулары.
Жүрүштүн катышуучулары.

Бүгүн, 8-мартта Бишкекте өтүп жаткан кыз-келиндердин укуктарынын сакталышына арналган жүрүш “Эркин кыз. Эркин Кыргызстан” деген ураан менен башталды.

Жүздөгөн жаштар колуна аялдардын эркиндигин, билим алып, өзү каалагандай татыктуу жашоосун, аларды зордук-зомбулуктан коргоону камсыз кылууну талап кылган жазууларды кармап баратышат.

Акциянын коопсуздугун ондогон милиция кызматкерлери камсыз кылып, жүрүштүн катышуучуларын коштоп баратышат.

“Аялдар укугу үчүн” тилектештик жүрүшүн “Бишкек феминисттик демилгелери” уюму уюштурду. Марштын катышуучулары жалпысынан эки чакырым аралыкты – Спорт ордосунан тартып Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө басып өткөнү жатышат.

Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар катталганы көп айтылууда. Ички иштер министрлигинин эсебинде, жыл сайын үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миңден ашуун факт катталып келет. (AiB)

XS
SM
MD
LG