Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Министрлик: Жалал-Абадда 1160 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт


Жалал-Абаддагы жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактардын бири. Архивдик сүрөт.
Жалал-Абаддагы жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактардын бири. Архивдик сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусунда кооптуу аймактарда жашагандарды жер котортуу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. Мекеменин эсебинде, аталган облуста сел, жер жана кар көчкү сыяктуу табыгый кырсыктар болушу мүмкүн болгон аймакта кеминде 1160 үй-бүлө жашап жатат.

"Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кооптуулугу жогору аймактардан жашоочуларды убактылуу коопсуз жайга көчүрүү тапшырмасы коюлган. Адистер жашоочулар көчүүнү каалабаса мажбурлоо ирээтинде көчүрүү керек экенин белгилешет",-деп жазылган маалыматта.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жалпысынан төрт миңдей үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт жана аларга көчүп кетүү зарылдыгы эскертилген. Алардын теңине мамлекеттен кайтарымсыз акча жана жер берилгени менен көбү жер которгон эмес. Буга чейин мындай аймактарда бир катар табыгый кырсыктар орун алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG