Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:47

Жалал-Абад: кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жолугушуу өттү


Кыргызстан менен Өзбекстандын желектери.
Кыргызстан менен Өзбекстандын желектери.

Жалал-Абад облусунда 1-7-март күндөрү кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоого байланыштуу эки өлкөнүн жумушчу топторунун жолугушуусу өттү. Кыргыз өкмөтүнүн билдиришинче, анын алкагында тараптар иш жадыбалды макулдашып, чек аранын айрым тилкелерин кыдырышты. Маалыматта жолугушуу "достук жана өз ара түшүнүү маанайында" өткөнү белгиленген.

Буга чейинки кезектеги жолугушуу 12-18-февралда Өзбекстандын Фергана шаарында өткөн. Анда тараптар чек араны демаркациялоо процессин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлору бекитүүгө даярдаган. Ошондой эле чек аранын айрым тилкелерин жер-жерлерде изилдөө графигин макулдашкан.

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев январь айынын аягында Бишкеке мамлекеттик сапар менен келгенде эки өлкө чек арасын делимитациялоо жараяны аяктаганын билдирген. Анда тараптар чек аранын айрым тилкелери тууралуу келишимди ратификациялоо грамоталарын алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшкан.

Анын алдында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга Кыргызстан да, Өзбекстан да кол коюп, ратификациялап бүткөн.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыркы октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Шаардык сот аларды февралдын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу ага чейинки инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG