Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:17

Эрбол Султанбаев жаңы дайындалган акимдер кантип тандалганын айтты


Эрбол Султанбаев.
Эрбол Султанбаев.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунун жаңы акимдери кантип тандалганы тууралуу түшүндүрмө берди. Ал Фейсбуктагы баракчасына Илияз Ташкулов менен Мурадин Тешебаев буга чейин кадрлар резервинде болгонун билдирди.

"Акимдик кызматка дайындалган талапкерлер Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери агенттигинин аймактык кадрдык резервинде болгон. Квалификациялык талаптарга жооп берген ар бир каалоочу атайын тестирлөөдөн өтүп, муну менен акимдердин кызмат ордуна дайындоого сунушталган резервисттердин тизмесине кире алат. Бул принцип тууганчылык, тааныш-билиштин жардамы менен кызматтарга дайындоону жокко чыгарат".

Сокулук жана Аламүдүн райондорунун буга чейинки башчылары жер мунапысы тууралуу өкмөттүн токтомун жетиштүү аткарган жок деген негизде иштен алынган. Анын алдында Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда соттун чечими менен үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган Марал Шаболотованын окуясы кызуу талкуу жаратып, ал келинден президент Садыр Жапаров кабар алган.

Жер мунапысына байланыштуу президенттин Чүйдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев дагы кызматтан алынып, анын ордуна Канат Жумагазиев дайындалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG