Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Канат Жумагазиев Садыр Жапаровдун Чүйдөгү өкүлү болуп дайындалды


Канат Жумагазиев буга чейин ички иштер органдарында жетекчилик кызматтарда иштеп келген
Канат Жумагазиев буга чейин ички иштер органдарында жетекчилик кызматтарда иштеп келген

Президент Садыр Жапаров өзүнүн Чүй облусундагы атайын өкүлү кылып Канат Жумагазиевди дайындады. Аны 7-мартта жамаатка президенттин администрациясынын жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын жетекчиси Айбек Джунушалиев тааныштырды.

Жумагазиев буга чейин ички иштер органдарында жетекчилик кызматтарда иштеп келген. Былтыр жыл аягынан тартып Нарын облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп жаткан, ага чейин Ысык-Көл облустук жана Бишкек шаардык милицияларын башкарган.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен Илияз Ташкулов Сокулук районунун акими кызматына келди.

Садыр Жапаров Чүйдөгү буга чейинки өкүлү Нурил Алымбаев менен Сокулуктун акими Курбанбек Айтибаевди жер мунапысына байланыштуу ишти жетиштүү алып барбаганы үчүн кызматтан алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG