Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:06

Садыр Жапаров жеңилдетилген насыяга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 7-мартта айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековду кабыл алды. Президенттин басма сөз кызматы анда министрликтин учурдагы иштери, жазгы айдап-себүүгө даярдыктан кабар алып жана жер семирткич, лизингге техника алуу, сугат суу өңдүү маселелерди талкуулады.

"Садыр Жапаров дыйкан-фермерлерлер мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгилеп, жеңилдетилген насыяларды берүүгө көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды",-деп жазылган маалыматта.

Былтыр дыйкан-фермерлерге деп бөлүнгөн жеңилдетилген насыянын теңи гана берилгени белгилүү болгон жана буга байланыштуу Жогорку Кеңеште маселе көтөрүлгөн. Анда насыялар кечиктирилип берилгени, банктарда кезек күткөндөр арбын болгону айтылган. Ошондой эле айрым депутаттар жеңилдетилген насыя алчу компаниялардын арасында өкмөт мүчөлөрүнүн, депутаттардын компаниялары бар экенин билдирген.

Өкмөт былтыр жазында "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун бекитип, мамлекеттик банктарга айыл чарба тармагына жеңилдетилген насыя үчүн 10 миллиард сом бөлгөн.

Садыр Жапаров 2021-жылы Улуттук коопсуздук комитетине жеңилдетилген насыянын берилишин текшерип-иликтөөнү тапшырган. Эсеп палатасы мындай насыянын 3% гана дыйкан-фермерлерге жетерин аныктап чыкканын маалымдаган.

Дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылдан башталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG